UFC президенти Дана Уайт 2022-жылы кайсы беттешти күтүп жатканын айтты

© AFP / Logan RielyАбсолюттук мушкерлер уюмунун (UFC) президенти Дана Уайт. Архив
Абсолюттук мушкерлер уюмунун (UFC) президенти Дана Уайт. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Жазылуу
Мушкерлер уюмунун башчысы карьеранын туу чокусунда турган оор салмактагы эки спортчунун кармашын чыдамсыздык менен күтүп жатканын билдирди.
БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Абсолюттук мушкерлер уюмунун (UFC) президенти Дана Уайт 2022-жылы көптөн күтүлүп жаткан беттешти атаганын "Чемпионат" сайты кабарлады.
"Ушул тапта мен Сирил Ган менен Фрэнсис Нганнунун беттешин чыдамсыздык менен күтүп жатам. Карьеранын туу чокусунда эки алптын беттешин көргүм келет. Бири буту менен жакшы иштесе, экинчисинин соккулары кыйратуучу күчкө ээ. Булардын тиреши кимдерди гана кызыктырбайт?" — деген Уайт журналисттерге.
Нганну ушул жылы мартта Стип Миочичти уткандан бери беттештерге чыга элек. Ал ортодо UFC утурумдук чемпиондук кур үчүн кармаш уюштуруп, Сириль Ган Деррик Льюсти уткан. Нганну Ганды татыктуу атаандаштардын бири деп атаган болчу.
Мушкерлердин кармашы кийинки жылы 22-январда UFC 270 турниринин алкагында болмокчу.
Жесткие обмены ударами — видео лучших моментов турнира UFC - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.12.2021
UFC Vegas 45 турниринин эң мыкты учурларынын видеосу
Жаңылыктар түрмөгү
0