Шойгу: Афганистандан ЖККУ өлкөлөрүнө терроризмдин жайылып кетүү коркунучу бар

© POOL / Медиабанкка өтүүРоссиянын коргоо министри Сергей Шойгу
Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.12.2021
Жазылуу
Министр дүйнөдө аскердик-саясий кырдаал курчуп баратканын белгиледи.
БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Афганистандагы туруксуз кырдаал терроризм менен баңгизаттын ЖККУ өлкөлөрүнө жайылуу кооптуулугун жаратат. Бул тууралуу Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу билдирди.
Ал бүгүн министрликтин кеңейтилген коллегиясында сүйлөгөн.
"Дүйнөдө аскердик-саясий кырдаал курчуп баратат. Россиянын батыш жана чыгыш тарабындагы өлкөлөрдө чыңалуу күчөп жатат. АКШ аскерлерин Россиянын чек араларына жакын жайгаштырууну күчөттү. Чыгыш Европа өлкөлөрүнө ротациялык негизде америкалык аскер күчтөрүнүн 8 миңге чукул аскери жайгашты", — деди Шойгу.
Ошондой эле ал Тынч Океандын аймагына ракетага каршы коргонуу боюнча америкалык глобалдык системаны орнотуу улантылып жатканын белгиледи. Аны менен катар Шойгу Афганистандагы кырдаал тууралуу кеп козгоду.
"Афганистандагы туруксуз кырдаал терроризм жана баңгизаттын ЖККУ өлкөлөрүнө жайылуу тобокелчилигин жаратат. Абалга дыкат байкоо салып жатабыз жана коопсуздук жаралчу бардык коркунучтарга ыкчам чара көрөбүз", — деди коргоо министри.
Россия президенти Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.12.2021
Путин: союздаш өлкөлөрдүн коргонуу жөндөмүн камсыздоо зарыл
Жаңылыктар түрмөгү
0