Россияда эмгек мигранттары үчүн квоталарды алып салуу сунушталууда

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүКуруучулар. Архив
Куруучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.12.2021
Жазылуу
Россия мыйзамдарына ылайык жыл сайын экономиканын эң маанилүү тармактарында чет элдик жумушчу күчтү пайдаланууга кандайдыр бир чектөө коюлат.
БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Россияда эмгек мигранттарына квота коюу механизмин жоюп салуу керек. Мындай сунуш менен Эл аралык полиция ассоциациясынын Россия боюнча жетекчиси Юрий Жданов бийликке кайрылганын РИА Новости жазды.
"Статистика боюнча эмгек мигранттары Россияда жашап жүргөн чет элдиктердин төрт гана пайызын түзөт. Андыктан аларга жумушка орношуу боюнча квота коюуга зарылдык жок. Менимче, бул ашыкча нерсе", — деди Жданов.
Россия мыйзамдарына ылайык, жыл сайын экономиканын эң маанилүү тармактарында чет элдик жумушчу күчтү пайдаланууга кандайдыр бир чектөөлөр коюлат. Мунун негизги максаты — өз жарандарын иш менен камсыздоо. Мисалы, акыркы жылдары эмгек мигранттарына курулуш жана айыл чарба тармактарында көбүрөөк орун берилсе, чекене соода кылууга тыюу салынган. Ошол эле учурда КМШ өлкөлөрүнүн жарандары үчүн жеңилдиктерди берүү каралган.
Киши манжа изи берип жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.12.2021
Россияда мигранттарга манжа изи түшүрүлгөн патент бериле баштайт
Жаңылыктар түрмөгү
0