Эмнеге суукта баш ооруйт? Невролог себебин түшүндүрдү

© Sputnik / Болот Бочкарев / Медиабанкка өтүүСуукта көчөдө бараткан адам. Архив
Суукта көчөдө бараткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.12.2021
Жазылуу
Дарыгер суукта баш оору кооптуу патологиядан кабар бербей турганын айтып, аба муздаганда баш кийим кийүүнү сунуштаган.
БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Абанын температурасы дароо муздаары менен айрым адамдардын башы ооруй баштайт. Невролог, нейрофизиолог Александр Будик муну теринин рецепторлорунун сезимталдыгы менен түшүндүргөнүн РИА Новости жазды.
"Бул — организмдин температуралык көрсөткүчтөргө реакциясы. Баштын терисинде рецепторлор жайгашкан. Сезимталдык жогорулаган сайын алар суукта ашыкча дүүлүгө баштайт. Ошол себептен баш оорушу ыктымал", — деген дарыгер.
Невролог суукта баш оору кооптуу патологиядан кабар бербей турганын айтып, аба муздаганда баш кийим кийүүнү сунуштаган.
Ошол эле учурда медик суукта кан басым жогору болгондо да оорушу мүмкүн экенин айткан.
Дарыгер мээнин томографиясын текшерип жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.12.2021
Инфаркт кармаардан бир саат мурда кандай белгилер пайда болот? Адис эскертти
Жаңылыктар түрмөгү
0