Садыр Жапаров: алган кредитин тойго жумшагандар текшерилет

© Sputnik / Табылды КадырбековТой өткөрүү. Архивдик сүрөт
Той өткөрүү. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.12.2021
Жазылуу
Мамлекет башчы быйыл Кыргызстандагы мамлекеттик үч — РСК, "Керемет банк", "Айыл банктын" уставдык капиталы көбөйгөнүн белгиледи.
БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Эми насыянын максаттуулугу көзөмөлдөнүп, каражат алгандар аны эмнеге сарптап жатканы тыкыр текшерилет. Бул тууралуу мамлекет башчы Садыр Жапаров министрлер кабинетинин жылды жыйынтыктаган жыйынында билдирди.
Белгилей кетсек, учурда өкмөттө президенттин төрагалыгы астында жыйын өтүп жатат. Анда министрлер кабинетинин 2021-жылы аткарган ишинин отчётун угат.

"Быйыл элге 20 миллиард сомдон ашык насыя берилди. Анын 72 пайызы аймактарга кетти. Мында ар бир тыйындын кимге берилгендиги боюнча көзөмөл жүргүзүлүп, келе жаткан жылы текшерүү болот. Акчалары көбөйгөн банктар элге насыя берүү саясатын өзгөртөт деп ойлойбуз. Насыянын максаттуулугуна көзөмөл күчөйт. Башкача айтканда, насыяны алып той өткөрбөстөн, өз багыты боюнча жумшаш керек. Маселен, дыйкан кредит алса, аны жерге жумшасын, фермер алдыбы малга жумшаш керек. Муну да текшеребиз", — деди Жапаров.

Мамлекет башчы быйыл Кыргызстандагы мамлекеттик үч банктын (РСК, "Керемет банк", "Айыл банк") уставдык капиталы көбөйгөнүн белгиледи.
"РСК банктын уставдык капиталы 5,4 миллиард сомго чейин көтөрүлдү. "Айыл банктын" капиталы 5,5 миллиард сомго көбөйсө, "Керемет банктыкын" 8,7 миллиард сомго чейин көтөрүп бердик. Алдыда булардын капиталын 100 миллион долларга чейин жеткиребиз деген ой бар. Муну менен өздөрү пайда таап, аны айлантууга мүмкүнчүлүк алышат", — деди Жапаров.
Ал банктарда күрөөгө коюу талабы жоюлганын айтып, азыр күрөөсүз эле 3 миллион сомго чейин насыя алууга мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн кошумчалады.
Президент Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.12.2021
Жапаров бюджетке коррупция менен күрөштө канча акча түшкөнүн айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0