Швецияда уурдалган кымбат автоунаа Ош шаарынан табылды

CC BY-SA 4.0 / Vauxford / 2018 Mercedes-Benz X250 Power D 4MATICPick-UP Mercedes-Benz X-250 унаасы. Архивдик сүрөт
Pick-UP Mercedes-Benz X-250 унаасы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.12.2021
Жазылуу
Автоунаанын Оштогу ээси аны интернет аркылуу 29 миӊ долларга сатып алганын айткан.
БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Швециядан уурдалган Pick-UP Mercedes-Benz X-250 D4 matic үлгүсүндөгү автоунаа Ош калаасынан табылды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Замир Сыдыков билдирди.
Сыдыковдун билдиришинче, ИИМге Интерпол бюросунан Ош шаардык ИИБге, анын ичинде милициянын кайгуул кызматына Швециядан Pick-UP Mercedes-Benz X-250 D4 matic үлгүсүндөгү автоунаа уурдалып, ага 2020-жылдын 27-июлунан бери издөө салынганы тууралуу кат келген. Аталган каттын негизинде издөө иштери болгон.
"Ош шаарынын Касымбеков көчөсүндөгү автобекеттин жанында издөөдө жүргөн Pick-UP Mercedes-Benz X-250 D4 matic үлгүсүндөгү автоунаа милициянын Кайгуул кызматы тарабынан токтотулуп, Ош ШИИБдин айып короосуна киргизилген", — деп айтылат маалыматта.
Аныктай келгенде, автоунаанын азыркы ээси Ош шаарынын Амир-Тимур кичи шаарчасынын жашоочусу А.А. аттуу жаран бул темир тулпарды Литвадан 29.000 долларга интернет аркылуу сатып алганын билдирген.
Сыдыков материал 23-декабрда маалыматтардын электрондук журналына катталып, иликтөө иштери башталганын, учурда бул боюнча текшерүү амалдары жүрүп жатканын кошумчалады.
КРде кайсы автоунаалар көп айдай качышат? - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.07.2021
Кыргызстанда кайсы үлгүдөгү автоунаалар көп уурдалат?
Жаңылыктар түрмөгү
0