"Газпром" Европага толук көлөмдө газ жеткирбей жатат деген кинеге жооп берди

© Sputnik / Александр Гальперин / Медиабанкка өтүү"Газпром" компаниясынын логотиби. Архив
Газпром компаниясынын логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.12.2021
Жазылуу
Соңку маалымат боюнча, "Газпром" быйыл алыскы чет өлкөлөргө экспорттун көлөмүн былтыркыдан 4,8 пайызга көбөйткөн.
БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. "Газпром" ААКсы Европага жетиштүү өлчөмдө газ жеткирбей жатат деген айыптоолорду четке какты. Бул туурасында РИА Новости компаниянын расмий өкүлү Сергей Куприяновго шилтеме берүү менен жазды.
Ал Франция менен Германия келишимде көрсөтүлгөн жылдык көлөмүн тандап алганын мисал келтирди. Ал эми 15-декабрда Украина аркылуу транзит боюнча милдеттемелерин аткарганын белгиледи.
"Европа базарына газды аз берип жатат деп Россия жана "Газпромдун" дарегине айтылган кептер — чындыкка дал келбеген негизсиз айыптоо, жалган жалаа", — деди маалымат катчы.
Соңку маалыматка ылайык, "Газпром" үстүбүздөгү жылдын 11,5 айында алыскы чет өлкөлөргө болгон экспорттун көлөмүн былтыркыдан 4,8 пайызга (8,2 миллиард куб метр) көбөйтүп, 178,1 миллиард куб метрге жеткирген.
Тагыраак айтканда, Россия 2020-жылга салыштырмалуу Германия, Түркия, Италия, Болгария, Сербия, Греция, Словения, Швейцария, Түндүк Македония, Босния жана Герцеговина, Польша, Дания жана Финляндияга көбүрөөк газ жеткирген.
"Газпром" мурун да, азыр да учурдагы узак мөөнөттүү келишимдин алкагында кошумча газ жеткирүүгө даяр. Мында жеткирүүнүн баасы келишимдегиден алда канча төмөн болот", — деди Куприянов.
Буга чейин Россиянын президенти Владимир Путин газдын баасы рекорддук көрсөткүчтө кымбаттаганы жана Москва рынокту манипуляциялап жатат деген айыптоолорго жооп берген. Ал "Газпром" узак мөөнөтүү келишимге ылайык газды толук көлөмдө жеткирип жатканын, ал эми немец жана француз контрагенттери сатып алууга сурам жибербегенин белгилеген.
Суюлтулган жаратылыш газ заводу Ямал СПГ - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.12.2021
Европа Россиядан газ алууга аргасыз: кыйла кымбатка түшөт
Жаңылыктар түрмөгү
0