Попова: вирустардын лабораторияда жасалып жатканы чоң коркунуч жаратууда

© AP Photo / Francois MoriОоруканадагы медик. Архив
Ооруканадагы медик. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.12.2021
Жазылуу
Анна Попованын айтымында, быйыл Улуу Британиянын окумуштуулары ичеги таякчасынын штаммынан жаңы бактерия жасап чыгышты. Ал башка ооруларга туруштук бере алары аныкталды.
БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Чет элдик окумуштуулар вирус менен бактерияларды жасап жатышат. Бул үчүн инструменттердин жеткиликтүүлүгү биологиялык коопсуздукту коркунучка кептөөдө. Мындай пикирин Россиянын башкы санитардык дарыгери Анна Попова айтты.
Ал Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан КМШ өлкөлөрүнүн лидерлеринин бейрасмий жолугушуусунда сүйлөдү.
"Биологиялык технологияларды көзөмөлсүз, өзүм билемдик менен пайдалануунун кесепети өтө оор болушу ыктымал", — деди Попова.
Анын айтымында, быйыл Улуу Британиянын окумуштуулары ичеги таякчасынын штаммынан жаңы бактерия жасап чыгышты. Ал башка ооруларга туруштук бере алары аныкталган.
Сөзүнүн соңунда Попова биологиялык технологиялардын жардамы менен адам баласына байкабай дагы, атайын дагы зыян келтирүүгө болорун айтты.
Бет капчан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
"Дельта" менен "омикронду" бир учурда жуктурса эмне болорун адис айтып берди
Жаңылыктар түрмөгү
0