КМШ лидерлеринин Санкт-Петербургдагы жыйыны жабык эшик артында уланууда

© Sputnik / Абзал Калиев / Медиабанкка өтүүКМШ өлкөлөрүнүн желектери. Архив
КМШ өлкөлөрүнүн желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.12.2021
Жазылуу
Иш-чара башталар алдында өлкө лидерлери чогуу сүрөткө түшкөн. Жолугушуу Ельцин атындагы китепканада өтүүдө.
БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан КМШ мамлекеттеринин башчыларынын формалдуу эмес жолугушуусуна катышып жатат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Иш-чара башталар алдында өлкө лидерлери чогуу сүрөткө түшкөн. Жолугушуу Ельцин атындагы китепканада өтүүдө.
Жыйындын жүрүшүндө Роспотребнадзордун жетекчиси Анна Попова коронавирус пандемиясы тууралуу маалымат берди. Андан кийинки жыйын жабык эшик артында өтүп жатат.
Саммитке Беларусь президенти Александр Лукашенко, Азербайжандын президенти Ильхам Алиев, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев, Россиянын президенти Владимир Путин, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев катышууда.
Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 28-декабрда, иш сапары менен Санкт-Петербург шаарына барды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.12.2021
Санкт-Петербург Садыр Жапаровду кандай тосуп алды? Сүрөттөр
Жаңылыктар түрмөгү
0