Жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Акылбек БатырбековАла-Тоо аянтындагы шаар тургундары. Архив
Ала-Тоо аянтындагы шаар тургундары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.12.2021
Жазылуу
31-декабрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.
БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. 31-декабрь, жума күнү, күндүз өлкө аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүйдө +6...+11, Талас өрөөнүндө +5...+10, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +7...+12, Ысык-Көлдө +1...+6, Нарын аймагында -2...-7 градус болот.
Бул күнү термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +8...+10 жана Ош калаасында +10...+12 градусту көрсөтөт.
Бишкек шаарындагы жаңы жылдык балатылардын бири. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.12.2021
Жаңы жылда аба ырайы кандай болору айтылды
Жаңылыктар түрмөгү
0