Аянтка толгон эл. Ош шаарындагы жаңы жылдык фейерверктин видеосу

Жазылуу
Майрамдык иш-чарага калаа жетекчиси Алмаз Мамбетов катышып, шаардыктарды куттуктады. Видеодон аянтка толо эл чогулганын көрүүгө болот.
БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Ош шаарынын мэриясы жыл жаңырган түнү борбордук аянтта атылган фейерверктин видеосун жарыялады.
Майрамдык иш-чарага калаа жетекчиси Алмаз Мамбетов катышып, шаардыктарды куттуктады. Видеодон аянтка толо эл чогулганын көрүүгө болот. Келгендер көз жоосун алган салюттан тышкары, майрамдык концертке күбө болушту.
Ал эми Бишкекте быйыл салют атуудан баш тартуу чечими кабыл алынган. Мэрия муну экологиялык себептер менен түшүндүрүп, ага кетчү 800 миң сомду башка маанилүү максаттарга пайдаланыларын айткан.
Жаңы жылдык балаты. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.01.2022
Тараз шаарында жаңы жылдык балаты өрттөнүп кетти. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0