Кыргызстандын аскер дипломатиясынын чыйыры. Легендарлуу Эрик Асаналиевдин жолу

© Фото / из семейного архива АсаналиевыхТажикстандагы Кыргызстандын Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси Эрик Асаналиев кесиптештери менен. 1997-жыл. Душанбе
Тажикстандагы Кыргызстандын Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси Эрик Асаналиев кесиптештери менен. 1997-жыл. Душанбе - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.01.2022
Жазылуу
Быйыл Кыргыз ССРинин Тышкы иштер министрлигинин пайдубалы түптөлгөнүнө 78 жыл болот. 1991-жылдан баштап эгемендүүлүккө ээ болгон Кыргызстан бул ведомствого таянып, дүйнөлүк аренада тышкы саясатын жүргүзүп жаткан учур.
Тышкы иштер министрлигинин тарыхында коомчулук билбеген белгисиз жагдайлар көп. Айрым фактылар тууралуу колумнист Алмаз Батилов Кыргыз ССРинин Мамлекеттик коопсуздук комитетинин (МКК) жана Коргоо министрлигинин отставкадагы полковниктери Чоро Мураталиев жана Абдрахим Раджапов менен маектешкен. Алар ага маркум дипломат Эрик Асаналиевдин элчилик жолунун башталышы жөнүндө айтып беришти.
© Фото / из личного архива Эрика АсаналиеваЭкс посол Кыргызстана в Таджикистане Эрик Асаналиев
Экс посол Кыргызстана в Таджикистане Эрик Асаналиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.01.2022
Экс посол Кыргызстана в Таджикистане Эрик Асаналиев
Белгилүү журналист, аскердик чалгынчы жана дипломат ыраматылык Эрик Асаналиевдин эгемен Кыргызстандын тарыхында эмгеги, тилекке каршы, көмүскөдө калды. Ал даңазалуу генерал-лейтенант Жумабек Асанкуловдун куралдаштары менен Тажикстандагы жарандык согушту токтотууга зор салым кошкон. Асаналиев журналисттик кесиби менен чалгын кызматын жана дипломатиялык ыкмаларын айкалыштырып дүйнөлүк геосаясатта өлкөнүн стратегиялык мааниге ээ маселелерин чечүүгө жетишкен. Дипломат 2020-жылы 13-сентябрда көз жумган.
© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз ССРинин Мамлекеттик коопсуздук комитетинин (МКК) жана Коргоо министрлигинин отставкадагы полковниги Чоро Мураталиев
Ветеран ГКНБ, полковник в отставке Чоро Мураталиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.01.2022
Кыргыз ССРинин Мамлекеттик коопсуздук комитетинин (МКК) жана Коргоо министрлигинин отставкадагы полковниги Чоро Мураталиев
— Чоро Жайлообекович, Эрик Асаналиев кандайча аскердик чалгын кызматынан Тышкы иштер министрлигинин атайын тапшырмалар боюнча элчиси болуп дайындалып калган эле?
Ч.М.: — Кыргызстандын чыгаан дипломаты Эрик Асаналиев менен Кыргыз ССРинин МККсында генерал-лейтенант Жумабек Асанкуловдун кол астында чогуу иштегенбиз. Асаналиев кесиби боюнча журналист, КТРде иштечү. Андан кийин Москвадан СССРдин МККсынын жогорку мектебин бүтүрүп, француз тилин да үйрөнгөн. Мен да Москвадагы коопсуздук системасы боюнча окуу жайдан француз тилин окугам. Ушул себептен улам да экөөбүз жакындашып калдык. Эрик МККда иштеп жүргөн учурда Кыргызстандын коопсуздугу үчүн нечендеген иштерди аткарды, бөлүмдүн жетекчилигине чейин жетти. Ал жерден майор наамын алган. Асанкулов аны абдан баалачу. 1991-жылы август айында эгемен Кыргызстандын биринчи ажосу Аскар Акаев Жумабек Асанкуловичти, биринчи орун басары Виктор Забара менен мени ГКЧПны колдогонсуңар деген далилсиз айыптоо менен МККдан кетирди. Асанкуловдун ордуна Анарбек Бакаевди алып келген. Ал Асаналиевди Жумабек Асанкуловичтин кадры деп иштетпей койду. 1992-жылдан тартып Асаналиев атактуу кинорежиссёр Төлөмүш Океев менен биргеликте балдардын "Келечек" киноборборунда, 1993-жылы Сүймөнкул Чокморов атындагы коомдук фонддо директорлук кызматты аркалады.
Ошол жылы Асанкулов, мен, полковник Жумалы Кубатов жана башка офицерлер менен биргелешип Коргоо министрлигинин курамында аскердик чалгын кызматын түптөй баштадык. Бул учурда коңшу Тажикстанда жарандык согуш жүрүп жаткан. Ага чейин Кубатов коңшу мамлекетке такай каттап, абалды жакшы билип калган. Жаңыдан түптөлүп жаткан аскердик чалгын кызматына такшалган адис офицерлер керек болду. Асанкулов Асаналиевди мен аркылуу таптырып, иштөөгө сунуш берет. Ал дароо макул болуп менин орун басарым болуп дайындалды. Анын үстүнө мөөнөтү келип калганына байланыштуу ага министрдин буйругу менен подполковник наамы берилген болчу. Бир аз убакыттан кийин Асаналиев менин ордума бөлүм башчы болду. Ал ишке дароо киришип, Тажикстандагы абалды иликтеп, ал жерге байма-бай каттап, борборго маалымат жөнөтүп турду. Биз күн сайын мамлекеттин жетекчилигин Тажикстанда кандуу тирешүү боюнча гана эмес, башка кошуна мамлекеттерде жүрүп жаткан процесстер тууралуу бир нече булактан алынган, электен өтүп такталган маалымат менен камсыздап турдук. 1994-жылы Асанкуловдун демилгеси менен Бишкекте расмий Душанбе менен Бириккен тажик оппозициясынын ортосунда биринчи ирет сүйлөшүү болгон. Андан кийин эки каршылашкан тараптын жолугушуусу Москвада өттү. Бул эки сүйлөшүүлөргө Кубатов менен Асаналиев Коргоо министрлигинин өкүлдөрү катары катышкан. Экөө расмий Душанбе жана Бириккен тажик оппозициясынын көрүнүктүү лидерлери менен жакындан таанышып, тамырын тартышкан. Бул факт көз карандысыз Кыргызстандын тарыхындагы уникалдуу окуя. Муну менен Жумабек Асанкулович, Жумалы Осмонович жана Эрик өлкөнүн аскердик дипломатиясына чыйыр салды.
© Фото / Центральный Государственный архив кинофотофонодокументов КРРФ жана Кыргызстандын тышкы иштер ведомостволорунун жетекчилери Андрей Козырев менен Роза Отунбаеванын журналисттердин алдында сүйлөп жаткан учуру. Бишкек, 1992-жыл
Главы МИД РФ и КР Андрей Козырев и Роза Отунбаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.01.2022
РФ жана Кыргызстандын тышкы иштер ведомостволорунун жетекчилери Андрей Козырев менен Роза Отунбаеванын журналисттердин алдында сүйлөп жаткан учуру. Бишкек, 1992-жыл
— Ал кезде Тышкы иштер министрлигин Роза Отунбаева жетектесе керек эле.
— Ооба, Тажикстандагы жарандык согуш жөнүндө Асанкуловдон ошол кездеги тышкы иштер министри Роза Отунбаева такай маалымат алып турду. Адегенде Отунбаевага кошуна өлкөдөгү курч абал тууралуу кириш сөз кылып мен түшүндүрдүм. Андан соң сөздү Асаналиев улантты. 1,5 сааттын ичинде экөөбүз расмий Душанбе жана Бириккен тажик оппозициясынын таасирдүү башчыларын жана алардын мүмкүнчүлүктөрүн айтып бердик. Отунбаева "булардын баарын кайдан тааныйсыңар" деп абдан таң калды. Мен "Асаналиев эки каршылашкан тараптын сүйлөшүүлөрүнө дайыма катышып турат. Аларга Каныкей энебиздин төркүнү болосуңар, бизге таякесиңер деп жакындап алыптыр" дедим тамашалап. Мындан сырткары, Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном аймагынын калкына исмаилиттердин ханзаадасы Ага-хан IV жардам берип жатканы тууралуу маалымат бердик. Бул аймакта расмий Душанбенин атайын кызматы чет элдик чалгынчыны кармаганы жөнүндө да айттык. Тажикстандын Памири дүйнөлүк геосаясатта эмне үчүн мааниси зор экенин түшүндүрдүк. Кызматташалы деп суранып, ошондон баштап биз ТИМге үзгүлтүксүз маалымат берип турдук. 1994-жылы Отунбаеванын өтүнүчү менен Эрик Акматбаевич Тышкы иштер министрлигине атайын тапшырмалар боюнча элчи болуп которулган. "Сенин ТИМде иштегениң биз үчүн чоң сыймык" деп ага Асанкулов батасын берген. Асаналиевдин өмүрү — өлбөс эрдиктин дастаны.
© Фото / из личного архива Абдрахима РаджаповаКРдин Тажикстандагы элчиси Эрик Асаналиев жамааттык тынчтык орнотуучу күчтөрдүн штабында КРдин Коргоо министрлигинин өкүлү Абдрахим Раджаповдун үйүндө конокто. Душанбе. 1998-жыл
Полковник в отставке Абдрахим Раджапов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.01.2022
КРдин Тажикстандагы элчиси Эрик Асаналиев жамааттык тынчтык орнотуучу күчтөрдүн штабында КРдин Коргоо министрлигинин өкүлү Абдрахим Раджаповдун үйүндө конокто. Душанбе. 1998-жыл
— Абдрахим Раджапович, Тажикстанда Кыргызстандын элчилиги кантип ачылды эле?
— 1994-жылы Душанбеде Кытайдын Тажикстандагы аскердик атташеси мени Эрик Асаналиев менен тааныштырды. Ал кезде мен тажик армиясында кызмат өтөп жүргөм. Ал эми Эрик КР ТИМинин өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси экен. Анда Тажикстанда Кыргызстандын элчилиги ачыла элек, Асаналиев Тажикстанга бат-бат каттап турчу. Достугубуз ошондон башталды. Кандуу тиреш жүрүп жатканына карабастан айрым кыргызстандык ишкерлер Тажикстанга соода-сатык кылганы келишчү. Акыры кыргызстандык соодагерлер алданып, түрмөгө түшөт да мени издеп таап, көмөк көрсөтүүнү өтүнүшөт. Жумушумду таштап, байланыштарымды колдонуп аларды эптеп түрмөдөн сууруп чыгам. Ошентип беш-алты кыргызстандык ишкерди алып чыктым. Мындан сырткары, жергиликтүү кандаштар көмөк сурашат. Аларга да колуман келген жардамды берчүмүн.
© Фото / Центральный Государственный архив кинофотофонодокументов КРТажик качкындарынын алачыктары. 1993-жыл. Бишкек, темир жол вокзалы
Прибытие таджикских беженцев в Бишкек - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.01.2022
Тажик качкындарынын алачыктары. 1993-жыл. Бишкек, темир жол вокзалы
1995-1998-жылдары Тажикстандагы Жамааттык тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн штабында Кыргызстандын Коргоо министрлигинин өкүлү болуп дайындалдым. Бир ирет Асаналиевге Душанбеге келген кыргызстандык соодагерлердин көйгөйү, жергиликтүү кыргыздарга көрсөткөн көмөк тууралуу айтып, өзүмдүн жумушум калып жатат дедим. Бул маселелерди КР ТИМи чечиши абзел экенин белгиледим. "Расмий Бишкек Тажикстанда жашаган жүз миңден ашык этникалык кыргыздын укугун коргошу керек. Ошон үчүн Кыргызстан Душанбеде элчилигин ачышы зарыл" деп Эрикке сунуш бердим. Ал маселени борбор гана чечерин айтып, сунушумду ТИМ жетекчиси Роза Отунбаевага айтмакчы болду.
1996-жылы июнь айында Тажикстанга Аскар Акаев делегация менен келди. Анын ичинде Роза Исаковна жана Асаналиев да бар эле. Эрик Отунбаева жолугушууга кызыкдар болуп жатканын айтып, аскердик карта ала келүүмдү өтүндү. Министрге Асаналиевге айткан көйгөйлөр жөнүндө, кыргыздардын маселесин чечүүгө убактым кетип жаткандыгын айттым. Коргоо министрлиги күн сайын менден эки каршылаш тарап тууралуу маалымат берүүнү талап кылууда. Ошондуктан жогорудагы көйгөйлөрдү чечүүгө расмий Бишкек элчилик ачышы зарыл. Эң башкысы, бул өлкөдө согуш жүрүп жатат, демек, борбор саат сайын так маалымат менен камсыз болушу керек. Анын үстүнө Тажикстан менен чектешпиз. Ушул мамлекетте жүз миңден ашуун боордошубуз жашайт. Алардын укугун коргошубуз керек деп далилдеримди келтирдим. "Биздин кандаштар кайсыл райондордо жашаганын картаңыздан көрсөтө аласызбы" деди Роза Исаковна. "Албетте. Жерге-Тал аймагында 58 миң, Мургаб районунда 10 миң, Душанбенин тегереги менен Шаар-Туз чөлкөмүндө 20 миңдей этникалык кыргыз жашайт. Мындан сырткары, Тажикстандын башка аймактарында да кандаштарыбыз бар. Бардыгын чогултканда жүз миңден ашык болот" деп картадан көрсөттүм. "Тажикстанда Кыргызстандын элчиси кызматына кимди сунуштаар элеңиз?" деп сурады Отунбаева. Дипломаттардын ичинен Эрикти гана тааный турганымды, элчиликке ылайыктуу адам экенин айттым. Отунбаева Акаевге Тажикстанда Кыргызстандын элчилигин ачуу зарылдыгын түшүндүрүп, ынандырарын айтып, сөзүнө турду. 1996-жылдан ноябрь айында Тажикстанда Кыргызстандын элчилиги ачылды. Биринчи элчи болуп Эрик Асаналиев дайындалды.
Буга чейин Тажикстандагы кандуу тирешти токтотууга зор салым кошкон Эрик Асаналиевдин эмгеги тууралуу материал да жарык көргөн.
Известный кыргызстанский дипломат Эрик Асаналиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.10.2020
Тажикстанда жарандык согуш шайлоодон кийин чыккан. Эрик Асаналиевдин акыркы маеги
Тажикстандагы жарандык согуш. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.06.2019
Энесин жоготконуна карабай элди элдештирген Акаев. Тажикстанда Биримдик күнү
Жаңылыктар түрмөгү
0