Илон Масктын байлыгы 300 млрд. доллардан ашып, Forbes рекордун дагы жаңылады

© REUTERS / Aly SongАмерикалык ишкер, SpaceX жана Tesla компанияларынын жетекчиси Илон Маск. Архив
Америкалык ишкер, SpaceX жана Tesla компанияларынын жетекчиси Илон Маск. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.01.2022
Жазылуу
Масктын киреше булагы бир сутканын ичинде 32,6 миллиард долларга көбөйгөн.
БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Америкалык ишкер, SpaceX жана Tesla компанияларынын жетекчиси Илон Масктын байлыгы экинчи ирет 300 миллиард доллардан ашты. Бул тууралуу Forbes журналы маалымдайт.
Миллиардерлердин байлыгына баам салып тизмедеги катар орду реалдуу убакытта алмашып турчу Forbes Real-Time ишкер Масктын киреше булагы бир суткада 32,6 миллиард долларга көбөйүп, байлыгы 304,2 миллиардга жеткенин көрсөткөн. Муну менен ал миллиардерлердин дүйнөлүк рейтингинде турган лидерлигин сактап калды.
2021-жылдын ноябрында Tesla компаниясынын акцияларынын баасы жаңылангандан кийин Маск кирешеси 300 миллиард долларга жеткен дүйнөдөгү биринчи адам болуп тарыхый рекорд жараткан.
Өткөн жылдын октябрь айында америкалык ишкер 257,6 миллиард доллар акчасы менен Forbes рейтингинин тарыхындагы эң бай адам аталган. Ага чейин Amazon компаниясынын негиздөөчүсү Жефф Безос эң көп акчасы бар адам катары саналчу. Анын байлыгы 212 миллиард доллар эле.
Аткаминер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.12.2021
Жогорку Кеңештин эң бай алты депутаты. Тизме
Жаңылыктар түрмөгү
0