COVID: 52 адам ооруп, эки бейтап көз жумду. 4-январдын маалыматы

© Sputnik / Ростислав Нетисов / Медиабанкка өтүүОоруканадагы дарыгер. Архив
Ооруканадагы дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.01.2022
Жазылуу
Министрлик көз жумган бейтаптар коронавируска каршы вакцина албаганын белгиледи.
БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Соңку бир сутканын аралыгында Кыргызстанда 52 адамдын коронавирус жуктуруп алганы аныкталса, 50 киши ооруну жеңип чыкты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлады.
COVID-19 жуктурган жаңы учурлар төмөнкү аймактарда катталды:
Бишкек – 34;
Ош шаары – 10;
Жалал-Абад облусу – 6;
Ысык-Көл облусу – 2.
Ушуну менен илдетке кабылгандардын жалпы саны 184 879га жетти.
Ошол эле учурда төмөнкү аймактарда коронавирустан сакайып чыккандар болду:
Бишкек – 30;
Чүй облусу – 5;
Ош – 4;
Ысык-Көл облусу – 4;
Жалал-Абад облусу – 3;
Баткен облусу – 3;
Ош облусу – 1.
Пандемия башталгандан бери айыккандар 179 997 бейтапты түздү.
Тилекке каршы, эки адам оорунун кесепетинен Бишкекте каза болгон. Саламаттыкты сактоо министрлиги алар коронавируска каршы вакцина албаганын белгиледи. Бүгүнкү статистиканы кошкондо өлкөдө жалпы 2 807 адам көз жумган.
Учурда коронавирус жуктурган 273 бейтап ооруканада жатат, ал эми 315 адам үй шартында дарыланууда.
Акыркы суткада 2 364 кишиге ПЦР изилдөө жүргүзүлгөн.
Өпкөнүн рентген сүрөтү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.01.2022
Окумуштуулар "омикрондун" өпкөгө канчалык кооптуу экенин аныкташты
Жаңылыктар түрмөгү
0