Бишкектин эки округунда өтчү шайлоо: талапкерлердин саны 15ке жетти

© Sputnik / Табылды КадырбековЖК депутаты. Архив
ЖК депутаты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.01.2022
Жазылуу
28-ноябрда өткөн шайлоого Момбеков "Социал-демократтар" партиясынын тизмеси менен катышкан. Анда аталган саясий уюм босого чектен өтө алган эмес.
БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Экс-депутат Рыскелди Момбеков Бишкектин кайра шайлоо өтчү эки округунун бирине талапкер болуп катталды. Бул тууралуу маалымат БШКнын сайтына жарыяланган.
Момбеков Биринчи май шайлоо округунан өзүн өзү көрсөтүү жолу менен бара жатат. Талапкер арызын кечээ саат 17:30да жазган.
Эскерте кетсек, 28-ноябрда өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого Момбеков "Социал-демократтар" партиясынын тизмеси менен катышкан. Анда аталган саясий уюм босого чектен өтө алган эмес.
Бишкектин Свердлов жана Биринчи май округдарында 27-февраль күнү кайра шайлоо өтөт. Ноябрда ушул эки аймакта "баарына каршы" графасы көп добуш алып, кайра шайлоо белгиленген.
Буга чейин аталган эки округдан 14 киши талапкерлигин койгону айтылган.
Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.12.2021
Радио
Сулайманов: шайлоочуга үч түрдүү санды жаттап калуу оор болду
Жаңылыктар түрмөгү
0