Беспорядки в Казахстане из-за повышения цен на газ - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.01.2022
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
2022-жыл жаңырары менен Казакстанда автоунаага газдын кымбаттап кетишинен улам митингдер башталып, 5-январга караган түнү митингчилер менен күч түзүмдөрү кагылышты. Президент Касым-Жомарт Токаев өзгөчө абал режимин киргизип, ЖККУдан жардам сураган. Учурда өлкөдө кырдаал турукташты.

Эрбол Султанбаев: аскерлер Казакстанга жөнөтүлсө митингчилерге каршы колдонулбайт

© Фото / пресс-служба МВДКыргызстандын аскер кызматкерлери. Архивдик сүрөт
Кыргызстандын аскер кызматкерлери. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.01.2022
Жазылуу
Кыргызстандык тынчтыкты орнотуучулар стратегиялык маанидеги объектилерди кайтаруу үчүн гана тартылары айтылды.
БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Эгер кыргыз аскерлерин Казакстанга жөнөтүүгө макулдук бериле турган болсо, алар тынчтыкты орнотууга гана тартылат. Бул туурасында президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
Анын айтымында, кыргызстандык тынчтыкты орнотуучулар стратегиялык маанидеги объектилерди кайтаруу үчүн гана жиберилет.
"Эгер Жогорку Кеңеш макулдук бере турган болсо, ЖККУнун уставына ылайык, кыргыз аскерлери жамааттык күчтөрдүн курамы менен жөнөтүлөт. Өзгөчө белгилей кетсек, кыргызстандык аскерлер Казакстандагы акциянын катышуучуларынын аракеттерине аралашпайт. Алар тынчтыкты орнотуу иштерин жүргүзөт", — деди Султанбаев.
Учурда Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз жыйынга чогулуп, ЖККУнун алкагында Кыргызстандан Казакстанга тынчтыкты орнотуучу күчтөрдү жиберүү маселесин карап жатат.
Ал эми түндө президент Садыр Жапаров ЖККУ өлкөлөрүнүн бир катар лидерлери менен телефон аркылуу сүйлөшкөн.
Белгилей кетсек, 6-январга караган түнү президент Касым-Жомарт Токаев Алматыда башаламандык уюштургандарды сырттан даярдалган террордук банда деп атап, кырдаалды турукташтыруу үчүн ЖККУдан жардам сурады. Андан соң уюмдун жетекчилиги тынчтыкты орнотуучу күчтөрдү жөнөтүү чечимин кабыл алган. ЖККУнун күчтөрү аскердик инфраструктура жана башка объектилерди кайтаруу үчүн барат.
Нур-Султандын көчөсүндө бараткан аскер техникалары. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.01.2022
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
ЖККУнун тынчтык орнотуучулары Казакстанга келип, тапшырмаларды аткарууга киришти
Жаңылыктар түрмөгү
0