Беспорядки в Казахстане из-за повышения цен на газ - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.01.2022
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
2022-жыл жаңырары менен Казакстанда автоунаага газдын кымбаттап кетишинен улам митингдер башталып, 5-январга караган түнү митингчилер менен күч түзүмдөрү кагылышты. Президент Касым-Жомарт Токаев өзгөчө абал режимин киргизип, ЖККУдан жардам сураган. Учурда өлкөдө кырдаал турукташты.

Казакстанга жардам берчү ЖККУ жоокерлеринин саны айтылды

© AFP / HANDOUT / Russian Defence Ministry Россиядан Казакстанга жиберилип аткан ЖККУнун тынчтык орнотуучу күчтөрү
Россиядан Казакстанга жиберилип аткан ЖККУнун тынчтык орнотуучу күчтөрү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.01.2022
Жазылуу
Зарылдык жаралса коңшу өлкөгө кошумча күч жөнөтүлмөкчү.
БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Казакстанга жардам көрсөтүү үчүн барган ЖККУнун тынчтык орнотуучу күчтөрү 2 500 жоокерден турат. Бул тууралуу аталган уюмдун башкы катчысы Станислав Заська таянып Sputnik Казакстан жазды.
Анын айтымында, зарылдык жаралган учурда коңшу өлкөгө кошумча күч жөнөтүлмөкчү.
Зась уюмдун максаты Казакстанга жардам берүү экенин, калган айтылып жаткан кептин баары болбогон сөз экенин белгиледи.
Эскерте кетсек, Казакстанда 2-январда газдын кымбатташына каршы башталган митинг массалык башаламандыкка айланып, натыйжада өлкө аймагы боюнча өзгөчө абал жарыяланды. Президент Касым-Жомарт Токаев элге эки ирет кайрылуу жасап, мындай кадамга баргандарды "сырттан даярданып келип өлкөгө кол салган террордук топ" деп атады. Мындан улам ЖККУга жардам сурап кайрылган.
Ушу тапта Алматы шаары баарынан көп жабыркап турат. Өлкө ИИМинин билдиргенине караганда, акыркы маалымат боюнча күч түзүмдөрүнөн 18 киши каза болуп, 700дөн ашыгы ар кандай жаракат алган. Мындан тышкары, 2000ден көбүрөөк киши кармалганы айтылууда.
Алматыдагы башаламан - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.01.2022
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
ТИМ: Казакстандагы чыр-чатакка катышкандар арасында кыргыз жарандары жок
Жаңылыктар түрмөгү
0