Кыргызстанда 2022-жылы кайсы шайлоолор өтөт

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүШайлоо участкасындагы адам. Архив
Шайлоо участкасындагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.01.2022
Жазылуу
2021-жылы Кыргызстанда президенттик, парламенттик жана аймактык кеңешке шайлоолор, ошондой эле эки референдум өттү.
Быйыл өлкөдө айрым жергиликтүү кеңештерге шайлоо болорун Sputnik агенттигине БШКнын шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы Төлөгөн Айтикеев билдирди.
Былтыр шайлоолорго бай жыл болгону маалым. Президенттик, парламенттик жана аймактык кеңешке шайлоолор, ошондой эле эки референдум өттү. Анын ичинде Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын эки ирет тандашты.
2022-жылы өтө турчу шайлоолор:
Бишкектин Свердлов жана Биринчи май округдарында 27-февраль күнү кайра шайлоо өтөт. Ноябрда ушул эки аймакта "баарына каршы" графасы көп добуш алып, элдин тандоосун кайра уюштуруу белгиленген;
апрелде — 13 айылдык жана үч шаардык кеңеште болот (Токтогул, Кара-Балта жана Таш-Көмүр шаарлары);
октябрда — бир айылдык кеңеште.
Портфелдер. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.01.2022
Экс-депутат бар. Бишкектеги эки шайлоо округу боюнча талапкерлердин тизмеси
Жаңылыктар түрмөгү
0