Кыргызстандын жүзүмүн тонналап жеген өлкөлөр. Тизме

© Фото / Улан МаккамбаевЖүзүм. Архивдик сүрөт
Жүзүм. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.01.2022
Жазылуу
10 ай ичинде жалпысынан жүзүм менен мейиз 2,5 миллион долларга сатылган. Бул товарды тонналап алган өлкөлөрдүн сап башында Россия менен Казакстан турат.
БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Өткөн жылдын 10 айында Кыргызстан 7 188,9 тонна жүзүм (анын ичинде кургатылганы дагы бар) экспорттоду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Жалпысынан жүзүм менен мейиз 2,5 миллион долларга сатылган.
Сатып алган өлкөлөр:
Россия — 6 700,5 тонна;
Казакстан — 474,6;
Монголия — 10,5;
АКШ — 2;
Чехия — 1;
Германия — 0,2;
Катар — 0,1;
Ошондой эле анча көп эмес көлөмдө Түркмөнстан менен Малайзия алган. 2020-жылдын январь-октябрь айларында 5 635,4 тонна жүзүм сыртка сатылган.
Базардагы эт сатуу. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.12.2021
Кыргызстандан тонналап өзгөчө товар алган мамлекеттердин тизмеси чыкты
Жаңылыктар түрмөгү
0