Беспорядки в Казахстане из-за повышения цен на газ - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.01.2022
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
2022-жыл жаңырары менен Казакстанда автоунаага газдын кымбаттап кетишинен улам митингдер башталып, 5-январга караган түнү митингчилер менен күч түзүмдөрү кагылышты. Президент Касым-Жомарт Токаев өзгөчө абал режимин киргизип, ЖККУдан жардам сураган. Учурда өлкөдө кырдаал турукташты.

Бир нанды 100 долларга алууга зарыгып... Учурда Казакстанда кырдаал кандай

© AP Photo / Vladimir TretyakovКазак аскерлери Алматыга баруучу жолду көзөмөлдөп жатышат
Казак аскерлери Алматыга баруучу жолду көзөмөлдөп жатышат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.01.2022
Жазылуу
Коңшу өлкөдө митингдер башталганына бир жума болуп калды. Алматынын кээ бир тургундары тамак-ашка зарыгып, бир бөлкөнү 100 долларга сатып алууга даярдыгын айткан.
БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Алматыда казак армиясы жүргүзүп жаткан атайын операциялар токтой элек, тургундар октун үнүн дагы деле маал-маалы менен угуп жатат. 9-январга карата Казакстандагы кырдаал менен тааныштырабыз.

Беш миңден ашуун адам кармалды

Адам өлтүрүү, бийлик өкүлдөрүнө карата зомбулук, каракчылык, бейбаштык жана уурулук беренелери боюнча сотко чейинки 125 өндүрүш ачылды. Бул туурасында ички иштер министринин милдетин аткаруучу Ерлан Тургумбаев "Хабар 24" телеканалынын эфиринде билдирген. Жалпысынан 5 135 адам кармалды.

Атышуу токтой элек

Алматынын ар кайсы райондорунда дагы деле октун үнү угулууда. Шаарда антитеррордук операция уланууда. Коммуналдык кызматтар аскер техникаларын, күйүп кеткен автоунааларды жана башка таштандыларды калаадан чыгарууда.

Бир нанды 100 долларга сатып алууга зар болгон тургундар

Алматынын айрым тургундары бир бөлкө нанды 100 долларга (8 500 сом) сатып алууга даяр. Аэропортко жакын жерде жайгашкан элиталык райондо жашагандардын бири ызы-чуу башталгандан тарта тамак-ашка жетүү мүмкүн болбой калганын айткан.
"Биз цивилизациянын аркы бетинде калгандайбыз. Районубузда интернет, бензин жана азык-түлүк жок. Менин үй-бүлөм жана коңшуларым бир нанды 100 долларга сатып алууга даяр, бирок ал да жок болууда", — деп айткан жергиликтүү тургун.

Алматыга куралданган 20 миң адам кирип келген

Ички иштер министринин милдетин аткаруучу Ерлан Тургумбаев Алматынын акимчилигин кимде кантип басып алганын айтты.
"5-январь күнү 20 миңдей адамдан турган уюшулган топ Алматынын ар кайсы тарабынан бир убакта шаардын борбордук аянтына кирип келип, акимчиликтин имаратын басып алууга аракет кылган. Ошол эле учурда аябай жакшы куралданган жана уюшулган болчу. Алар көп болгонуна байланыштуу кайтарууда турган аскерлерди жиреп өтүп, имаратка киришкен. Кокусунан адам өлүмү болуп кетишине жол бербөө үчүн полиция чегинүүгө аргасыз болгон", — деди министрдин милдетин аткаруучу.
Ошондой эле ал 1 300 полиция кызматкери, Улуттук гвардиянын, Коргонуу министрлигинин жана башка атайын органдардын аскерлери жаракат алганын айтууда.
Жоо чаап кеткендей... Алматыда тартылган видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.01.2022
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Жоо чаап кеткендей... Алматыда тартылган видео

Кылмышкерлер полициянын формасын кийип бийлик органдарына көө жабышкан

Ерлан Тургумбаевдин айтымында, башалмандык учурунда 400 автоунаа талкаланып жок кылынган, анын ичинен 346сы полицияга таандык.
"Куралданган кылмышкерлер шаарда туш келди ок чыгарып полиция кызматкерлерин, аскерлерди жана жөнөкөй жарандарды өлтүрүшкөн. Соода борборлорун, финансылык мекемелерди талкалап, банкоматтарды ачышкан. Бийлик органдарынын кадыр-баркын түшүрүү үчүн кылмышкерлер полициянын жана аскерлердин формасын кийип жосунсуз иштерди жасашкан", — деди министрдин милдетин аткаруучу.

Казакстандын бардык аймагында кырдаал турукташты

ИИМдин маалыматына ылайык, укук коргоо органдары басып алынган бардык административдик имараттарды бошотту. Коммуналдык кызматтардын иши жанданууда. ИИМ башчысы казакстандыктарды муктаждыктан улам киргизилип жаткан чектөөлөргө чыдап турууга чакырды.

Казакстандан чыгып кетүүгө аракет кылган 300 адам кармалды

Алар жөө жана автоунаа менен өлкө аймагынан чыгып кетүүгө аракет жасашкан. Бул туурасында ИИМди убактылуу жетектеп жаткан Ерлан Тургумбаев билдирди.
"Кармалгандардан ок атуучу курал, уурдалган уюлдук телефондор, ири суммадагы казак жана чет элдик валюталар табылды", — деди ал.
Казакстан полициясы жана аскерлери Алматыга барчу жолду көзөмөлдөп турушат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.01.2022
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Казакстан ИИМи Алматыдан Бишкекке кеткен жолдогу кагылышууну тастыктаган жок

Антитеррордук операция жаңы этапка өттү

Кылмышкерлер шаардан качып кетпеши үчүн 13 жерге блокпост коюлуп, дыкат текшерилүүдө. Укук коргоо органдары калаадан чыгып бараткан автоунааларды жана жарандардын документтерин текшерип, шек жараткандын баарын кармап, штабга алып келип жатышат.

Тынчтыкты орнотуучу күчтөр

ЖККУнун күчтөрүнөн турган россиялык десантчылар Казакстандын маанилүү объектилерин кайтарууга алды. Бул туурасында Россиянын Коргонуу министрлиги кабарлап, "Жетиген" аэропортунан бараткан колоннаны көрсөттү.

Казакстандын үч банкы каза болгондордун кредитин кечет

Казакстандын үч банкы башаламандык маалында каза болгон полиция жана аскер кызматкерлеринин кредитин кечүүгө макулдук берди. Ошондой эле алар өзгөчө абал режими күчүндө турган маалда төлөнбөй калган насыя үчүн туум кошулбай турганын билдиришкен.

Пенсия жана пособие кечиккен жок

Эмгек министрлиги интернет туруктуу иштебей жатканына карабай пенсия жана пособиелер түшкөнүн билдирди. Жалпысынан 176,8 миллиард теңге (408 миллион доллар) которулган. Буга чейин казакстандыктар банктардын иши турукташкандан кийин ала турганы кабарланган.

Казакстанда эпидкырдаал курчуп жатат

Соңку бир сутканын аралыгында 1 945 казакстандыктан коронавирус аныкталды. Коңшу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги Нур-Султан коронавирус боюнча "кызыл", Шымкент менен Алматы "сары" зонага кирип калганын маалымдады. Жаңы учурлар Нур-Султан калаасында, Актөбе, Кызылорда, Маңгыстау, Түркистан облустарында көп катталууда. Эпидкырдаал оорлошуп баратканын министрлик өлкөдө "омикрон" штаммы пайда болгонуна жана коопсуздук чаралары сакталбай жатканына байланыштырды.
Елбасы Нурсултан Назарбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.01.2022
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Назарбаев Коопсуздук кеңешинин төрагалыгын Токаевге өзү өткөрүп бергени айтылды
Жаңылыктар түрмөгү
0