Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Кыргызбаев: майыптыгыма карабай эң мыкты IT адиси болууга бел байладым

© Sputnik / Табылды КадырбековIT-адис, программист Данил Кыргызбаев
IT-адис, программист Данил Кыргызбаев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.01.2022
Жазылуу
IT-адис, программист Данил Кыргызбаев жашоосун "чейин" жана "кийин" деген эки бөлүккө бөлгөн окуясы жана программалоого келген жолу тууралуу айтып берди.
Менин жашоомдогу унутулгус күн шаңдуу башталган. Мен жашаган үйдө курулуш иштери жүрүп жаткан эле. Эртең менен таякеме үйдүн курулушуна жардам беришим керек болчу. Бул күн мен үчүн өзгөчө экенин баары билишчү, анткени эртеси мектепти бүтүрүү экзаменим болмок. Бул тууралуу Данил Кыргызбаев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Кыргызбаев: майыптыгыма карабай эң мыкты IT адиси болууга бел байладым
Анын айтымында, жашоосундагы оор учурда адамдын нерв системасы менен байланышуучу бионикалык протездерди жасаган Ник Вуйвич менен Хью Геррдин китептерин окуп, мотивация алган.
"Ал күнү мен жүк ташуучунун жанында жерде туруп, ага чоң дарактын сөңгөктөрүн бортко жүктөөгө жардам берип жаткам. Ошол учурда кандай кооптуу абалда турганымды сезбептирмин. Трос үзүлүп чоң кара жыгачтын чоң сөңгөгү мени басып калды. Ошол маалда катуу соккудан сөөктөрүм сынып, тамырларым үзүлүп кеткен экен. Эс-учумду жоготуптурмун. Тиешелүү медициналык жардам алуу үчүн менде бир гана саат бар болчу. Бутумдагы тамырлар катуу жабыркаптыр. Хирургдар колунан келгендин баарын жасады, бирок эч кандай майнап болгон жок, анткени операция кылууга ылайыктуу жабдык жок болчу. Эртеси бизге жакыныраак Тажикстандан 2 000 долларга эки дарыгер чакырдык. Үчүнчү күнү Оштон дарыгерлер келип, бирок алар да эч нерсе кыла алышкан эмес. Төртүнчү күнү бутта кан айлануу токтоп, ириңдөө процесси башталган. Ал убакта өлгөн клеткалар ууга айланып, бүт денеге жайылып кетмек. Операцияга даярдануу үчүн Бишкектеги республикалык ооруканага жөнөтүштү. Жалпысынан жети жолу операция болдум. Акыры өзүмө келгенде, бир бутумдан ажыраганыма карабай мага экинчи жашоого мүмкүнчүлүк берилгенин түшүндүм. Майып болуп калам деп эч ойлогон эмесмин. Депрессияга түштүм, көп айлап төшөктө жаттым. Өзүмө келгенден кийин ЖРТ тапшырып, Исхак Раззаков атындагы КМТУнун веб-иштеп чыгуучу жана дизайнер бөлүмүнө өтүп, бюджеттик орунда азыр 4-курста окуп жатам", — деди Кыргызбаев.
Ал Бишкектеги программалоо курсунда окуп, "КРдин ЖКЭ" тиркемесин иштеп чыгып, анда жол кыймылынын эрежелери тууралуу кыргыз жана орус тилдеринде элге эң жөнөкөй жана түшүнүктүү түрдө баяндап жазганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0