Беспорядки в Казахстане из-за повышения цен на газ - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.01.2022
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
2022-жыл жаңырары менен Казакстанда автоунаага газдын кымбаттап кетишинен улам митингдер башталып, 5-январга караган түнү митингчилер менен күч түзүмдөрү кагылышты. Президент Касым-Жомарт Токаев өзгөчө абал режимин киргизип, ЖККУдан жардам сураган. Учурда өлкөдө кырдаал турукташты.

Казакстан парламенти жаңы премьер-министр шайлады

© Фото / пресс-служба премьер-министра РККазакстан парламенти жаңы премьер-министр Алихан Смаилов. Архив
Казакстан парламенти жаңы премьер-министр Алихан Смаилов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.01.2022
Жазылуу
Смаилов 5-январдан бери премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан.
БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Казакстандын парламенти Алихан Смаиловду премьер-министр кылып шайлады.
Анын талапкерлигин президент Касым-Жоомарт Токаев сунуштаган. Натыйжада жыйынга катышкан 89 депутат бир добуштан Смаиловду өкмөт башчылыгына бекитүүгө макулдук берди. Эл өкүлдөрү талапкерге бир да суроо берген жок, талкуу учурунда фракция лидерлери гана сүйлөп, баары президенттин сунушун колдой турганын айтышты.
Алихан Смаилов 5-январдан бери премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан. Ал күнү башаламандыктардан улам Аскар Мамин жетектеген өкмөт отставкага кеткен.
Елбасы Нурсултан Назарбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.01.2022
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Назарбаев Коопсуздук кеңешинин төрагалыгын Токаевге өзү өткөрүп бергени айтылды
Жаңылыктар түрмөгү
0