Жоомарт Оторбаевге өкүм чыгып, 300 миң сом айып салынды

© Sputnik / Табылды КадырбековМурдагы прмьер-министр Жоомарт Оторбаев. Архив
Мурдагы прмьер-министр Жоомарт Оторбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.01.2022
Жазылуу
Оторбаев Кумтөр кенин иштетүүдөгү коррупцияга айыпталып өткөн жылдын 16-сентябрында кармалган.
БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Мурдагы прмьер-министр Жоомарт Оторбаев "Коррупция" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 300 миң сом айып салуу жазасы берилди. Бул туурасында Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматы билдирди.
Өкүмдү Биринчи май райондук соту 30-декабрда чыгарганы белгилүү болду. Ал төлөй турган айып пул мамлекеттин эсебине которулат.
УКМК Оторбаевди Кумтөр кенин иштетүүдөгү коррупциялык фактылар боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында өткөн жылдын 16-сентябрында кармаган. Ал "Кумтөр голд компани" ишканасынын (Центерра Голд Инк.) кызыкчылыгы үчүн буйрук чыгарып, Лысый жана Давыдов мөңгүлөрүн жок кылууга макулдугун берген деп айыпталган.
Ал эми 20-ноябрда мурдагы премьер-министрдин баш коргоо чарасы кайрадан каралып, эч жакка кетпөө тил каты менен абактан бошотулган.
Мурдагы биринчи вице-премьер Алмазбек Баатырбеков  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.12.2021
Экс-депутат Баатырбеков "Кумтөр иши" боюнча күнөөлүү деп табылып, айыпка жыгылды
 Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.12.2021
Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров тергөө абагынан бошотулду
Жаңылыктар түрмөгү
0