Бишкектин Санэпидкөзөмөл борбору жыйындарды онлайн өткөрүүгө чакырды

© Фото / Pexels/ Eren LiАдам онлайн иштөө учурунда
Адам онлайн иштөө учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.01.2022
Жазылуу
Калаа бийлиги жарандарды санитардык нормаларды сактоого жана коронавируска каршы вакцина алууга үндөп жатат.
БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Бишкектин мамлекеттик Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору жыйындар менен жолугушууларды онлайн-форматта өткөрүүнү сунуштады. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Мындай жагдайга коронавирус менен ооругандардын саны көбөйгөнү жана "омикрон" штаммынын аныкталганы себеп болууда. Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги Бишкек "кызыл" зонага киргенин кабарлаган.
Бишкектин бийлиги массалык иш-чараларга катышпай, аралыкты сактап, бет кап кийип, колду тез-тез жууп, имаратты желдетип, антисептик колдонууга чакырат. Ошондой эле вакцина алуу сунушталды.
Көчөдө бараткан маскачан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.01.2022
Кыргызстанда катталган "омикрон" штаммынын "дельтадан" айырмасы кандай
Киши эмдөө учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.01.2022
Коронавируска кабылдым деп шектенсеңиз эмне кылуу керек. Штабдын эскертүүсү
Жаңылыктар түрмөгү
0