Министрлер кабинети уставдык капиталы 1 млрд. сомдук жаңы ишкана түздү

© Sputnik / Павел Львов / Медиабанкка өтүүЗавод кызматкери. Архив
Завод кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.01.2022
Жазылуу
Ишкана инвестицияларды тартууга, эл аралык корпорациялар менен кызматташууга, биргелешкен ишканаларды түзүүдө ыкчам чараларды көрүүгө мүмкүнчүлүк берет.
БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Министрлер кабинетинин чечими менен уставдык капиталында мамлекеттин 100 пайыз катышуусу менен "Кыргыз индустрия" ачык акционердик коому түзүлдү. Бул тууралуу өкмөт билдирди.
Маалыматка караганда, анын уставдык капиталы бир миллиард сомду түзөт. Компанияны уюштуруу чечими өкмөттүн кезектеги жыйынында кабыл алынган.
Ишкана инвестицияларды тартууга, эл аралык корпорациялар менен кызматташууга, биргелешкен ишканаларды түзүүдө ыкчам чараларды көрүүгө мүмкүнчүлүк берет.
"Мамлекеттин атынан жалгыз акционердин болушу жарандарга жана инвесторлорго ийгиликтүү өнүгүүгө кепилдик берет жана саясий тобокелдиктерди азайтат", — деп белгиленген маалыматта.
Мындай компанияны түзүүнүн негизги милдеттеринин бири жылдык жана кварталдык отчёт берүү аркылуу туунду ишканалардын ишинен жана өзүнүн ишмердүүлүгүнөн алынган финансылык ресурстарды натыйжалуу жана ачык бөлүштүрүү.
Акча санап жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.01.2022
Өкмөт: Кыргызстанда 2022-жылы айлык, пенсия жана жөлөк пул көбөйөт
Жаңылыктар түрмөгү
0