Кыргыз-казак чек арасындагы эки пункт эл менен автоунааларды өткөрө баштады

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз-казак чек арасындагы "Кең-Булуң" көзөмөл-өткөрмө жайы. Архив
Кыргыз-казак чек арасындагы Кең-Булуң көзөмөл-өткөрмө жайы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.01.2022
Жазылуу
Кыргызстандын жана чет өлкөлүк жарандарга Казакстандын аймагына кирүүгө убактылуу чектөө коюлганы айтылды.
БИШКЕК, 17-янв. — Sputniк. Кыргыз-казак чек арасындагы "Кең-Булуң" жана "Токмок" көзөмөл-өткөрмө жайлары 17-январдан баштап жарандарды жана транспортту өткөрө баштады. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлады.
Эске салсак, 7-январда казак тараптын демилгеси менен Казакстандын Бирдиктүү маалымат тутуму иштебегендигинен улам бул эки жайдан жаран жана транспорт өткөрүү убактылуу токтотулган.
Чек ара кызматы 17-январь саат 10:00гө карата кыргыз-казак чек ара аймагындагы өткөрүү жайларында кырдаал туруктуу экенин айтып, мамлекеттик чек арадагы чектөөлөрдү тизмектеди. Алар:
Кыргызстандын жана чет өлкөлүк жарандарга Казакстандын аймагына кирүүгө убактылуу чектөө күчүндө;
Казакстандын аймагында жүргөн Кыргызстандын жана чет өлкөлүк жарандар "Ак тилек", "Чалдыбар", "Ак жол", "Токмок", "Чоң-Капка" көзөмөл өткөрүү жайлары аркылуу кире алышат;
Кыргызстандын аймагында жүргөн Казакстандын жарандары жогоруда көрсөтүлгөн көзөмөл өткөрүү жайлары аркылуу чыга алышат.
"Каркыра" көзөмөл өткөрүү жайынан Кыргызстандын аймагында жүргөн Казакстандын жарандары гана чыга алышат.
Оор жүк ташуучу унаалар Кыргызстандын "Ак тилек", "Чалдыбар" жана "Чоң-Капка" көзөмөл өткөрүү жайлары аркылуу COVID-19га байланыштуу чектөөлөрдү эске алуу менен эч кандай тоскоолдуксуз кирип чыга алышат.
Бош оор жүк ташуучу унаалар Кыргызстандын "Кең-Булуң" көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу Кыргызстандан Казакстандын аймагына чыга алары айтылды.
Өзбекстандын чек арачылары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.01.2022
Өзбекстан Казакстан менен чек арасын убактылуу жапты
Жаңылыктар түрмөгү
0