Ленинград курчоосунун үзүлгөнүнө 79 жыл. Бишкекте өткөн иш-чаранын видеосу

Жазылуу
Бишкек шаарындагы Дайыр Асанов атындагы паркта Ленинград курчоосунун алынгандыгынын 79 жылдыгына карата реквием-митинг өттү.
Блокада учурунда Кыргызстанга 16 миң адам келсе, алардын ичинен 3,5и балдар болгон.
Эскерүү митингинин уюштуруучуларынын бири Марат Кутановдун айтымында, бүгүн өлкөдө 14 блокадачы жашайт.
"Алардын ичинен ону Бишкек шаарында турат, Кара-Балта менен Балыкчы шаарында жашагандар да бар. Бул биз үчүн абдан маанилүү күн. Мындай тарыхый иш-чаралар Кыргызстанда жыл сайын өтүп турат. Блокадачыларды, окуучуларды, студенттерди да чакырып турабыз. Өткөн тарыхты унутпай, бүгүн биздин жаныбызда жок адамдардын элесин эскерип, урматтай жүрүшүбүз керек", — деди Кутанов.
"Волонтеры Победы" деп аталган эл аралык команданын координатору Анастасия Шевченко мындай иш-чараларга окуучулар менен студенттерди да тарта жүрүш керектигин айтат.
"Бул өзгөчө кыргызстандыктар үчүн өтө маанилүү иш-чара. Себеби дал биздин өлкөбүз курчоодо калган ленинграддыктарды кабыл алган. Андыктан бүгүн "Волонтеры Победы" командасынын отряддары, окуучулар, студенттер менен келдик. Балдар көзү бар блокадачыларды көрүп, алар менен таанышып, улуулар башынан эмнелерди кечиргенин, кандай күндү өткөргөндүгүн билип, жашоону баалашы керек деп эсептейм. Мындай реквием-митингдердин өтүп турганы абдан маанилүү", — деди волонтер.
Ленинградды курчоо 872 күнгө 1941-жылдын 8-сентябрынан 1944-жылдын 27-январына чейин созулган. Бул адамзат тарыхындагы эң узакка созулган жана эң каардуу курчоо болгон. Ар кыл маалыматтар боюнча, андагы курмандыктардын саны 400 миңден 1,5 миллион кишиге чейин деп айтылып келет.
Ленинград блокадасынан Кыргызстанга эвакуациялангандар менен бирге 150 баланы Улуу Ата Мекендик согуш маалында Токтогон Алтыбасарова аттуу инсан багып-өстүргөнү маалым.
Жаңылыктар түрмөгү
0