УКМК: Asia Mall борборуна бомба коюлду деп чалган номердин ээси табылды

© Sputnik / Эркин СадыковAsia Mall борборун имараты
Asia Mall борборун имараты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.01.2022
Жазылуу
ИИМдин кинология кызматы тарабынан имарат, ага чектеш аймак текшерилип, жарылуучу жана башка коркунучтуу заттар табылган эмес.
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. УКМК Asia Mall соода борборуна бомба коюлду делген маалымат келип түшкөн уюлдук телефондун ээсин тапты. Бул тууралуу атайын кызматтан кабарлашты.
Маалыматка караганда, теракт коркунучу тууралуу билдирүү келип түшкөндөн кийин УКМК кызматкерлери окуя болгон жерге барып, ИИМ өкүлдөрү жана соода борбордун өздүк коопсуздук кызматы менен биргеликте кардарлары эвакуациялаган.
ИИМдин кинология кызматы тарабынан имарат, ага чектеш аймак текшерилип, жарылуучу жана башка коркунучтуу заттар табылган эмес. Андыктан саат 19:00дө соода борбору кайрадан иштей баштаган.
"Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында чалуу болгон уюлдук номердин ээси Т.И. аттуу жаран экени аныкталды. Азыр анын бул кылмышка катыштыгы бар-жогу такталууда", — деп айтылат билдирүүдө.
Эске салсак, 20-январь күнү Бишкектеги Азия Mall соода борбору курчоого алынып, ичиндегилер сыртка чыгарылган. Буга Ленин райондук милициясына саат 15:31де соода борбордун ичине бомба коюлганы тууралуу түшкөн маалымат себеп болгон.
Чүй облусунда курал-жарак сакталган жер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.01.2022
Кеминден жардыргыч заттар сакталган жашыруун жай табылды. УКМКнын видеосу
Жаңылыктар түрмөгү
0