Антонина Шевченконун UFC уюмундагы кийинки атаандашы белгилүү болду

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүКыргызстандан чыккан UFC мушкери Антонина Шевченко. Архив
Кыргызстандан чыккан UFC мушкери Антонина Шевченко. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.01.2022
Жазылуу
Кыргызстандык спортчу акыркы эки кармашында жеңилүү ызасын тарткан. Кезектеги беттеши апрелдин этегинде болот.
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Кыргызстандан чыккан UFC мушкери Антонина Шевченко кийинки таймашын америкалык Кортни Кейси менен өткөрө турганын MMA Fighting жазды.
Мушкер кыздардын кармашы 30-апрелде UFC Fight Night турниринин алкагында өтөт. Беттештин кайсы шаарда болору азыр белгисиз.
Антонина UFC уюмундагы соңку кармашын 3-октябрда UFC Vegas 38 турниринде өткөрүп, австралиялык Кейси О'Ниллге техникалык нокаут менен жеңилип калган. Андан мурунку каршылашы Андреа Лиге да утулган.
"Пантера" каймана аты бар кыргызстандык спортчу ММА спортунда 9 беттеште жеңишти камсыздап, 4 ирет утулган.
Азыркы атаандашы Кортни Кейси аралаш мушташ боюнча 19 кармаш өткөрүп, онун жеңип алган.
Катарда Нуньес утулган Пенья бар. Быйылкы UFС чемпиондорунун видеосу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.12.2021
Катарда Нуньес утулган Пенья бар. Быйылкы UFС чемпиондорунун видеосу
Жаңылыктар түрмөгү
0