Кийими жээктен табылды. Чүйдө 69 жаштагы аял изделүүдө

© Фото / пресс-служба МЧС КРБишкекте дайынсыз жоголгон 69 жаштагы аялды издөө иштери
Бишкекте дайынсыз жоголгон 69 жаштагы аялды издөө иштери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.01.2022
Жазылуу
Аял 23-январь күнү Мурас-Ордо конушундагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Жакындары 102 кызматына кайрылган.
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Аламүдүн районундагы Мурас-Ордо конушунда жашаган 69 жаштагы аял изделип жатат. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.
© Фото / пресс-служба МЧС КР24-январда аялдын кийимдери Калыс-Ордо конушунда Чоң Чүй каналындагы көпүрөнүн алдынан табылды
Поисковые работы пропавшей 69 летней женщины в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.01.2022
24-январда аялдын кийимдери Калыс-Ордо конушунда Чоң Чүй каналындагы көпүрөнүн алдынан табылды
Маалыматка караганда, 23-январь күнү Мурас-Ордо конушунун тургуну А.А. үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Жакындары 102 кызматына кайрылган.
24-январда аялдын кийимдери Калыс-Ордо конушунда Чоң Чүй каналындагы көпүрөнүн алдынан табылды. Ошол замат жерине төрт куткаруучу, милиция кызматкери, жергиликтүү тургундардан 10 адам тартылып, издөө иштери саат 17:56га чейин жүргүзүлгөн. Бүгүн издөө улантылмакчы.
Өспүрүмдөр көчөдө сейилдеп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.01.2022
Сүлүктүдө 14 жаштагы эки өспүрүм дайынсыз болууда. Сүрөт, белгилери
Жаңылыктар түрмөгү
0