Атайылап жугузуп көз жумгандар бар. Адис "омикрон" оюнчук эмес экенин айтты

© Sputnik / Константин МихальчевскийБет кап кийген улгайган аял. Архив
Бет кап кийген улгайган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.01.2022
Жазылуу
Адис көпчүлүк "омикрон" штаммын жугузуп алгандан кийин жеңил формада ооруп жатканына карабай көз жумгандар да бар экенин эскертти.
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Коронавирустун "омикрон" штаммын тирүүлөй вакцина деп эсептеп, аны өзүнө атайылап жугузуп жаткандар жаңылышат. Бул тууралуу Россия элдеринин достугу университетинин инфекциялык оорулар кафедрасынын доценти Сергей Вознесенскийге шилтеме берип РИА Новости жазды.
Адис көпчүлүк бул штаммды жугузуп алгандан кийин жеңил формада ооруп жатканына карабай каза тапкандар да бар экенин эскертти.
"Бүгүнкү күндө Москвада коронавирус жугузгандардын 80 пайызынан "омикрон" табылууда. Ал эми өткөн суткада 73 киши каза болду. Бул цифралар кооптондурбайбы? Азыр вирусту атайылап жугузгандар бар. Москвада Анастасия аттуу аял ооруп жаткан туугандарыныкына барып өзүнө жана үй-бүлөсүнө жугузуптур. Ошол бойдон дарыгерлерге кайрылбай жүрө берип, өтүшүп кеткенде барган. Бирок ак халатчандар анын өмүрүн сактап калууга үлгүргөн жок", — деп айтып берген Вознесенский.
Инфекционист кошумчалагандай, толук жана ишенимдүү антителону бир гана эмдөө аркылуу алса болот.
Чачын тараган аял. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.01.2022
Трихолог "омикрондун" чачка тийгизген таасирин айтып берди
Уход за кожей лица - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.01.2022
Коронавирустун териде байкалган белгилери айтылды
Жаңылыктар түрмөгү
0