Столтенберг: НАТО Украинага аскер киргизбейт

© Фото / Master Sgt. Alejandro LiceaАКШнын аскер кызматкерлери. Архив
АКШнын аскер кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.01.2022
Жазылуу
Соңку учурда Батыш өлкөлөрү Россия Украина менен чектешкен жерлеринде "агрессиясын күчөтүп жатканын, жакында кол салуу болорун" айтып тынчсызданууда.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. НАТО Украинага өз аскерин киргизбейт. Бул тууралуу уюмдун башкы катчысы Йенс Столтенбергдин CNN телеканалына берген маегине таянып РИА Новости жазды.
"Биздин альянс Украинага өз аскерлерин киргизбейт", — деди ал журналисттин суроосуна жооп берип жатып.
Россиянын Тышкы иштер министрлиги Батыш өлкөлөрү менен Украинанын "Москванын агрессиясы" тууралуу маалыматтарын ар дайым төгүндөп келет.
"Россиянын эч кимге кол салуу ниети жок. Батыш өлкөлөрү Москва өзүн агрессивдүү көрсөтүүдө деген шылтоо менен тегерек-четибизге НАТОнун аскердик техникасын коюп коюуга аракет кылып жатат. Алардын Киевге жардам беребиз деген далалаты бир четинен күлкүлүү болсо, экинчи жагынан кооптуу", — деп айтышкан ТИМден.
Анткен менен соңку учурларда Батыш өлкөлөрү Россия Украина менен чектешкен жерлеринде "агрессиясын күчөтүп жатканын, жакында кол салуу болорун" айтып тынчсызданууда.
Президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков буга чейин Россия өз чек арасынын каалаган жерине куралдуу күчтөрүн жайгаштырууга укугу бар экенин, бул нерсе эч кимди тынчсыздандырбашы керектигин билдирген.
АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.01.2022
Блинкен АКШнын Россия менен диалогду улантуу ниетин билдирди
Жаңылыктар түрмөгү
0