Полевые сборы военнослужащих Волгограда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.01.2022
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал, 2022-жылдын январы
Аскер кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр. Учурда эмне болуп жатат

Жазылуу
Кыргыз-тажик чек арасындагы абал бүгүн, 27-январда чыңалды.
УКМКнын Чек ара кызматы саат 17:30дан 18:00гө чейинки убакыт аралыгында Тажикстандын чек арачылары Баткен районуна караштуу Төрт-Көчө аймагындагы Баткен — Исфана жолунун бир бөлүгүн бир тараптуу жаап салганын билдирген.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсү менен саат 19:30да жол ачылган. Бирок 19:35те абал кайра курчуп, Тажикстандын аскерлери Баткен районунун Чыр-Дөбө аймагында ок атычуу куралдарын колдонгон.
Мазмуну
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
13:49 28.01.2022
Баткенде үйлөргө электр кубаты берилди
жакшы жаңылыкты Энергетика министрлиги кабарлап, "Орто-Боз" көмөк чордону ишке киргенин кошумчалады.
12:37 28.01.2022
Электр чубалгыларын оңдоп-түзөө иштери башталды
Энергетика министрлиги Баткендин электр чубалгыларын оңдоп-түзөө иштери башталганын кабарлады. "Ош электрдин" кызматкерлери иштеп жатышат. Жакын арада ар бир үйгө электр энергиясы кошулат.
Эске сала кетсек, 2022-жылдын 27-январында Таджикистан тараптан ок атылып Баткендин “Ак-Сай”, Көк-Таш”, “Орто-Боз”, “Жаңы-Бак”, “Таш-Тумшук”, “Көк-Терек” айылдарында электр энергия өчкөн болчу.
12:15 28.01.2022
Кылмыш иш папкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.01.2022
ИИМ: Баткендин Көк-Ташындагы окуя боюнча кылмыш иши козголду
11:37 28.01.2022
Коңшу өлкө башаламандык Сомониён айылынан Чоркухка бараткан тажикстандыктар ташка алынганынан улам чыкканын айтып жатат. Кийинчерээк Тажикстандын УКМКсы окуя Ходжаи-Аъло аймагынан Сомониёнго кетчү жолдо болгонун кабарлаган. Алардын айтымында, кыргызстандыктар тажикстандык жарандын Porter автоунаасын токтотушкан. Коңшу өлкөнүн ЖМКлары жабырлануучулар тууралуу ар кандай маалымат берип жатышат. Sputnik Тажикстан агенттигинин жазганына караганда, эки киши каза таап, 10 адам ар кандай жаракат алган.
11:03 28.01.2022
ЖК төрагасы Мамытов Баткендеги окуя боюнча кайрылуу жолдоду
"Урматтуу мекендештер!
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Баткенде болуп жаткан окуяларга тынчсыздануу менен тыкыр көз салууда.
Чек арада түзүлгөн кырдаалга байланыштуу эл өкүлдөрү жергиликтүү тургундардын коопсуздугун, мамлекеттин стабилдүүлүгүн сактоо үчүн бардык аракеттерди көрөт.
Өлкөнүн аймактык бүтүндүгү, мамлекетибиздин туруктуулугу жана тынчтыгы баардыгынан бийик турат.
Бул оор күндөрү кастыкты козуткан чагымчылдыктан абайлайлы.
Жерибизде тынчтык,элибизде ынтымак болсун".
11:01 28.01.2022
Баткенге барган Ташиев маалымат берди
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасында учурда абал туруктуу экенин айтты.
"Бүгүн саат 11:00дө тажик тарап менен жолугушуу болот. Анда чек ара маселеси чечилет. Бул окуя түнү менен президент Садыр Жапаровдун көзөмөлүндө болду. Азыркыга чейин ал биз менен түз байланышта. Кечээки чек ара окуясынан аскер кызматкерлери жана карапайым эл арасында жоготуулар болгон эмес. 11 аскер кызматкери жабыркаган. Алар учурда ооруканада. Эвакуацияланган элди ӨКМ бардык нерсе менен камсыздады", — деген Ташиев.
Ал кыргыз-тажик чек арасында чыккан чырды иликтөө боюнча атайын комиссия түзүлгөнүн кошумчалады.
"Азыр президенттин тапшырмасы менен комиссия түзүлдү. Алар чек арада болгон окуянын баарын териштирип чыгат. Учурда чек арада кырдаал салыштырмалуу турукташты. Бардык күч түзүмдөрү, аскер техникалары боюнча маселе саат 11:00дө болчу сүйлөшүүлөрдөн кийин чечилет. Абал турукташты деп ойлойм", — деди Ташиев.
10:59 28.01.2022
Баткен облусунун ички иштер бөлүмү УКМКнын Чек ара кызматы менен биргеликте күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлады.
Маалыматка караганда, министр Улан Ниязбеков түндө тажикстандык кесиптеши Рахимзода Рамазон Хамро менен сүйлөшүп, чек арадагы абалды биргелешип жөнгө салууну талкуулашкан.
Мындан тышкары, түндө саат 1.00дө Баткен облустук милициясынын жетекчиси Мурат Боронов менен Согди облусунун укук коргоо органдарынын башчысы Абдулло Навджувонов менен жолукканы айтылды.
"Учурда чек арачылар менен милиция кызматкерлери Таш-Тумшук, Ак-Сай, Дахма, Орто-Боз, Көк-Таш айылдарында күзөттө турушат. Абал туруктуу", — деп айтылат билдирүүдө.
Азыркы тапта Төрт-Көчө айылындагы Ош — Исфана жолу ачык.
10:07 28.01.2022
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.01.2022
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал, 2022-жылдын январы
Камчыбек Ташиев Баткенге барды
09:50 28.01.2022
Баткенге ӨКМ жетекчиси Бообек Ажикеев жөнөп кетти.
08:51 28.01.2022
Чек арада абал туруктуу
Саат 8.00гө карата Самаркандек, Төрт-Көчө, Көк-Таш, Дахма, Көчө-Бою жана Головной аймактарында кырдаал туруктуу деп мүнөздөлөт. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы кабарлады. Ушу тапта чек арачылар күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатат.
08:50 28.01.2022
Кыргыз-тажик чек арасында жабыркагандардын саны 11ге жетип, алардын баары аскер адамдары экенин Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Абалдары ордо оордукта экени айтылууда.
02:39 28.01.2022
Баткен шаарында эвакуацияланган калк үчүн 600 кишиге ылайыкташкан алты убактылуу жай ачылды.
Учурда 1470 жергиликтүү тургун эвакуацияланып, анын 1200ү тааныштары жана туугандарына жайгаштырылды.
Убактылуу жайгаштыруу борборлоруна 270 адам жайгаштырылып, анын 104ү аялдар, 19у эркектер жана 147си балдар.
Баткен облустук ооруканасы да 24 саат бою иштеп, керектүү адистер жана дары-дармектер менен камсыздалган.
Баткен районундагы стратегиялык объектилер электр энергиясын камсыздоочу автономдуу булактар менен жабдылган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде калктын өмүрүн жана ден-соолугун коргоо үчүн бардык зарыл болгон күчтөр жана каражаттар бар.
Эскерте кетсек, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин күнү-түнү иштеген, анын ичинде Баткен облусу боюнча көп каналдуу бирдиктүү телефон номери 112.
Маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлиги таратты.
02:31 28.01.2022
Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жана Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча өкүлү полковник Төлөнбаев Тажикстандын Согди облусунун губернатору жана Тажикстандын чек ара өкүлү менен жолугушууда. Жолугушуу 28-январда саат 1:43тө башталып, Баткен районунун Көк-Сай аймагында өтүүдө. Билдирүүнү КРдин Чек ара кызматы таратты.
02:30 28.01.2022
28-январь, саат 02:00гө карата Көчө-Бою жана Дахма аймактарында ок атышуу токтотулду. Головной жана Төрт-Көчө аймактарында маал-маалы менен атышуулар угулуп турат. Билдирүүнү КРдин Чек ара кызматы таратты.
02:26 28.01.2022
Баткен облустук ооруканасына жети адам жарадар болуп түштү
Баткен облустук ооруканасына Тез жардам менен жаракат алган үч кыргызстандык жеткирилген. Бирөөнө ок тийген, экөө октун чачырандыларынан жабыркаган. Алардын абалы орточо оор экени, тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлгөнү айтылды. Учурда Баткен облустук ооруканасына жети адам жаракат алып жатканы айтылды. Маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлиги таратты.
02:12 28.01.2022
"Тажикстан "Кыргызстан пилотсуз учкан аппараттарды пайдаланды" деген билдирүүсү менен маалыматты бурмалап жатат. Тажикстандык чек арачылар жакында эле пилотсуз учкан аппараттарды чалгындоо максатында колдонуп, Тажикстандын УКМКсынын Чек ара кызматына маалымат жеткирген". Бул билдирүүнү КРдин Чек ара кызматы таратты.
02:06 28.01.2022
КРдин Чек ара кызматы тажик тарапты ок атууну токтотуп, көйгөйлүү маселелерди чечүү үчүн сүйлөшүүгө чакырды.
01:59 28.01.2022
КРдин Чек ара кызматы: 27-28-январда кыргыз-тажик чек арасындагы болгон чыр – чагымчылдык, ал боюнча жоопкерчилик толугу менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын жетекчисинде.
Тажик тарап билип туруп эки тараптан жабыркагандар болгон чатактын жаралышына чагымчылдык кылды.
01:53 28.01.2022
Кыргыз-тажик чек ара кызматынын өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында чатак жөнгө салынып, Тажикстан жарандары жолду ачты.
Бирок тажик чек арачылары курал колдонуп, биринчилерден болуп Кыргызстандын аскерлерин көздөй атты.
Кыргызстандын Чек ара кызматынын маалыматы.
00:41 28.01.2022
Тажик тарап ок атууну токтотуу боюнча эки тараптуу келишимди бузду
27-январь, саат 23:50дө он мүнөткө Кыргызстан менен Тажикстандын аскерлеринин ортосундагы ок атуу токтоду. Бул учурда Баткен облусунун жетекчиси менен Согди облусунун губернатору жана эки тараптын чек арачыларынын жолугушуусу пландалган.
Бирок тажик тарап ок атууну токтотуу боюнча эки тараптуу келишимди бузуп, кыргыз аскерлер тарапты аткылай баштады. Маалыматты КРдин Чек ара кызматы таратты.
Жаңылыктар түрмөгү
0