Полевые сборы военнослужащих Волгограда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.01.2022
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал, 2022-жылдын январы

Кыргызстан менен Тажикстандын УКМК башчылары жолукту. Эмне чечимге келишти

© Фото / пресс-служба ГКНБ КРБүгүн, 29-январда, Кыргызстан менен Тажикстандын УКМК башчылары Камчыбек Ташиев жана Саймумин Ятимов жолугуп, сүйлөшүүнүн жыйынтыгы боюнча маалымат беришти
Бүгүн, 29-январда, Кыргызстан менен Тажикстандын УКМК башчылары Камчыбек Ташиев жана Саймумин Ятимов жолугуп, сүйлөшүүнүн жыйынтыгы боюнча маалымат беришти - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.01.2022
Жазылуу
Ташиев эки ай мурда токтоп калган делимитация жана демаркация боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын иши жанданарын белгилеген.
БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Бүгүн, 29-январда, Кыргызстан менен Тажикстандын УКМК башчылары Камчыбек Ташиев жана Саймумин Ятимов жолугуп, сүйлөшүүнүн жыйынтыгы боюнча маалымат беришти.
Алгач коңшу мамлекеттин УКМК төрагасы Ятимов сүйлөгөн. Анын айткандарын тезис түрүндө келтиребиз:
Өлгөндөр жана жабыркагандар бар. Бул мамлекеттик чек арадагы маселелер чечилбей жаткандыгынын жыйынтыгы;
Маселени укуктук актылардын негизинде чечүү керек. Алар биргелешкен макулдуктун натыйжасында кабыл алынганы туура;
Укуктук акт жана кол коюлган протоколдон четтеп кетүү чыр-чатакка себеп болууда;
Ташиев менен конструктивдүү пикир алышуу болду. Анда сүйлөшүү учурунда негизги документтерди жана биздин комиссиялардын жумушунун жыйынтыгын эске алууну макулдаштык.
Ятимов протоколдогу талаптар аткарылышы керек деген оюн билдирген. Анын ичинде кеп №39 протокол тууралуу болуп жатат. Сегиз күндөн кийин тараптар бул протоколду ишке ашырууга өтүшөт. Ошондой эле аталган документте жазылган төмөнкү пунктулар боюнча иш алып барышмакчы;
Сегиз күндөн кийин эки тараптан түзүлгөн комиссия топографиялык жана укуктук маселелер боюнча иштей баштайт. Бул жумуштар чек араны делимитация жана демаркациялоодогу бардык маселелерди чечүү үчүн тынымсыз жүргүзүлөт;
Жакын арада комиссиянын (кайсыл экени так айтылган жок) ишин талкуулай турчу жолугушуу болот;
Бардык маселени укуктук талаада, эки элдин тең кызыкчылыгын көздөп чечүү керек.
Ятимовдон соң Ташиев сүйлөшүүнүн жыйынтыгы боюнча пикирин билдирген.
"Бүгүн тажик тарап менен делимитация жана демаркация боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын ишин жандантуу тууралуу сүйлөштүк. Комиссиянын иши эки ай мурда токтоп калган. Эми аны дайыма, тынымсыз иштетүү чечимин кабыл алдык. Анда эки мамлекеттин протокол, кызыкчылыктары эске алынат. Эч кандай документке кол койбосок дагы сөзүбүз, кол алышуубуз аткарылат деп ойлойм", — деди Ташиев.
Россиянын Тышкы иштер министрлиги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.01.2022
Россиянын ТИМи кыргыз-тажик чек арасындагы чыр боюнча үн катты

Чек арадагы жаңжалдын чоо-жайы

27-январь күнү саат 17:50 чамасында Төрт-Көчө аймагына тажик жарандары оор жүк ташуучу автоунаага таш жүктөп келишкен. Аны Баткен — Исфана автожолуна түшүрүп жолду жаап, өздөрү ошол жерде Тажикстандын чек арачыларынын коштоосунда жүрүшкөн. Эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында жол каттамы ачылган. Кырдаалды жөнгө салуу аракетине карабастан тажик тарап чек аранын башка аймагында, тактап айтканда, Чыр-Дөбө деп аталган жерде Кыргызстандын аскер кызматкерлерин көздөй миномёт жана гранатомёттордон ок чыгарышкан. Андан кийин тажик чек арачылары Төрт-Көчө аймагында Кыргызстандын аскерлерди аткылаган. Чек ара кызматы Тажикстандын аскер кызматкерлеринин аракеттери жеринен координацияланганы, алардын бул чагымчылдык аракетке мурдатан даярдык көргөнү байкалганы айтылган.
Ал эми коңшу өлкө башаламандык Сомониён айылынан Чоркухка бараткан тажикстандыктар ташка алынганынан улам чыкканын айтып жатат. Кийинчерээк Тажикстандын УКМКсы окуя Ходжаи-Аъло аймагынан Сомониёнго кетчү жолдо болгонун кабарлаган. Алардын айтымында, кыргызстандыктар тажикстандык жарандын Porter автоунаасын токтотушкан. Sputnik Тажикстан агенттигинин жазганына караганда, эки киши каза таап, 10 адам ар кандай жаракат алган.
Таңга маал эки тараптын чек арадагы атышууну жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүсү аяктап, бир нече пунктудан турган макулдашуу кабыл алынды. Анын ичинде ок атууну токтотуу да каралган.
Кечээ эртең менен жерине УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев барган. Эвакуацияланган эл үйлөрүнө кайтууда.
Электр линиялары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.01.2022
Баткенде 500 кВт кубаттуулуктагы электр линиясынын курулушу башталды
Жаңылыктар түрмөгү
0