Жакшы айлык алсак дагы эмнеге акча чогулта албайбыз? Адистин жообу

© Sputnik / Владимир Трефилов / Медиабанкка өтүүАкча. Архив
Акча. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.02.2022
Жазылуу
Финансисттин пикиринде, адам ден соолугу, иштегенге мүмкүнчүлүгү бар кезде айлыгынын жок дегенде 10-15 пайызын таптакыр жок деп эсептеп, чогултушу керек.
БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Эмне себептен адамдар жакшы айлык алса дагы акча чогулта албайт? Бул тууралуу РИА Новости агенттигине юрист, финансылык маселелер боюнча кеңешчи Виктория Шергина жооп берди.
Адистин айтымында, бул — адамдын капчыгына жараша жашоого көнүп алганынын кесепети.
"Мисалы, учурда 100 миң рубль айлык аласыз дейли. Көпчүлүк жашоосун ошого жараша ылайыктайт. Кенен-чонон басат, каалаганын алат. Кыскасы, бир айда 100 миң рублди түгөтөт. Ошентип отуруп адам мындай жашоого көнөт дагы, акча арттыра албай калат", — деди Шергина.
Анын ордуна ал ден соолук, иштегенге мүмкүнчүлүк бар кезде болушунча өзүн тыйып, айлыгынын жок дегенде 10-15 пайызын таптакыр жок деп эсептеши керектигин айтат.
"Биз дайым эле жаш бойдон күчкө толуп тура бербейбиз. Көпчүлүк адамдар 65 жашка чыкканда адис катары эч кимге кереги жок болуп калат. Андан тышкары, оору же башка жагдайлар бизди акча табуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратып коюшу мүмкүн. Андыктан азыртадан жок дегенде 10 пайыз, колдон келсе 40 пайызын кол жетпегидей кылып банкта чогултуу керек", — деди финансист.
Адистин айтымында, адамда кирешесиз калган учурда жок дегенде үч айга жете турган акча запасы болгону жакшы. Мындай акча жок болуп туруп, колго тийген каражатты анча маанисиз, экинчи пландагы нерселерге коротуу туура эмес.
Сүрөт көргөзмөсү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.01.2022
Акчаңды актайт. Инвестиция жасоодо уттурбай турган үч тармак
Жаңылыктар түрмөгү
0