Сүймөнкулду "жылоологон" Таттыбүбү. "Отко таазимдеги" таберик сүрөт

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, анын тарыхын баяндоону улантат.
Үй-бүлөсүн ат арабага салып кетип бараткан Сүймөнкул Чокморов менен аттын чылбырынан кармап алган Таттыбүбү Турсунбаеванын сүрөтү 1971-жылы Баткен облусунда тартылган.
Ал жылы кинорежиссёр Төлөмүш Океев жазуучу Насирдин Байтемировдун "Тарых эстелиги" романынын негизинде "Отко таазим" аттуу тасма тарткан. Сүрөттөгү белгилүү актер Үтүр устанын, актриса Уркуя Салиеванын ролун аткарган.
Киночулар башкы каармандын образын жарата турчу актрисаны узак убакыт издеп, сынактарды өткөргөн. Бирок ылайыктуу адамды таба албай көпкө чейин кыйналган. Ага Фрунзедеги театрлардан, башка советтик республикалардагы чыгармачыл жамааттардан актрисалар катышкан.
Ошол кезеңди кийин СССРдин эл артисти Төлөмүш Океев мындайча эскерген.
"Убакыттын өтүшү менен аябай тынчым кетти. Бир жолу сүрөтчү Сагын Ишенов Уркуянын ролуна сулуу, чырайлуу, жаш Таттыбүбү Турсунбаеваны сунуштап калды. Сагын аны менен режиссёр Бекеш Абдылдаев жана Леонид Гуревичтин "Түштүк кызы" тасмасында иштешип калган. Мен ага шак эле "болбойт" деп жооп узаткам. Анткени биз "Түштүк кызындагы" назик Айзаданы тарткан жокпуз. Турсунбаева "Ак Мөөр" сыяктуу тасмаларга ылайыктуу болчу. Биз оптимистик трагедияны тартып жатабыз. Ошондуктан бизге күчтүү жетекчи, өзүн эркектен кичине жогору койгон аял керек дегем. Бирок кийин комиссия башкы ролду аткарууга Турсунбаеваны тандап алган", — деген Океев.
Кинокартинада Муратбек Рыскулов, Сабира Күмүшалиева, Алиман Жангорозова, Искендер Рыскулов, Болот Бейшеналиев, Советбек Жумадылов, Жамал Сейдакматова, Жапар Садыков, Асанбек Кыдырназаров, Алымкул Алымбаев, Тургун Бердалиев, Чоро Думанаев, Насрет Дубашев, Чолпон Даанышманова, Аскар Сейдалиев, Деңизбек Чалапинов, Алмаз Кыргызбаев, Текен Чалапинов, Николай Толстых роль жараткан.
"Отко таазим" 1972-жылы көрүүчүлөргө сунушталып, Төлөмүш Океев Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка татыган. Аталган тасмадагы кызыктуу ирмемдерди Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан көрүүгө болот.
Тема боюнча:
Усубалиевдердин төрт мууну: Турдакун, Есенкул, Эсен, Таир-Кемаль. Таберик сүрөт
Базаров бактысын тапкан тасма. "Көздүн карегиндеги" таберик сүрөт
Алп манасчыларды убагында тартып калган Океев менен Борбиев. Таберик сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0