Бишкектик блогер эреже бузган инспекторлордун өздөрүнө протокол түздүрдү. Видео

© Sputnik / Жоомарт УраимовИИМ кызматкери. Архив
ИИМ кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.02.2022
Жазылуу
Инспекторлор блогердин артынан кууп келип, документин сураган. Кийин өздөрү "кылтакка" илинип калышкан.
БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Бишкекте блогер Эртай Искаков кайгуул милиция кызматкерлеринин жол эрежесин бузган учурун видеого тартып, кийин алардын өздөрүнө протокол түздүрткөн.
Видеодон көрүнүп тургандай, Милициянын кайгуул кызматынын инспекторлору жолдо кетип бара жаткан блогерди токтотуп, андан документ көрсөтүүнү талап кылышкан. Алар "Бахус" аттуу рейд өтүп жатканын белгилеп, айдоочуга рейддин кагазын көрсөтүшкөн. Андан соң анын айдоочулук күбөлүгүн сурап, спирт ичимдигин ичпегенин текшеришкен.
Кийинчерээк айдоочу ошол эле инспекторлордун жол эрежесин бузган учурун видеого тартып алган. Блогер алардын артынан барып, эреже бузганын айткан учурда алар күнөөсүн мойнуна алып, өздөрүнө айып кат жазган.
Патрулдук милициянын унаасы  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.12.2021
Патрулдук милициянын беш унаасы жолтандабасты кууп жүрүп кармады. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0