Өмүрбек Текебаев Германияга элчи болот

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Ата Мекен" партиясынын лидери, оппозициячык саясатчы Өмүрбек Текебаев. Архив
Ата Мекен партиясынын лидери, оппозициячык саясатчы Өмүрбек Текебаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.02.2022
Жазылуу
Буга чейин Германияда Кыргызстандын элчиси болуп Эрлан Абдылдаев эмгектенген. Бул кызматты ал 2020-жылдын июль айынан берип аркалап келе жаткан.
БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. "Ата Мекен" партиясынын лидери, оппозициячык саясатчы Өмүрбек Текебаев Германияга элчи болорун бийликтеги ишенимдүү булактар тыстыктады.
Текебаев 63 жашта. Билими жогору. 1981-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин физика факультетин, 1994-жылы ушул эле окуу жайдын юридика факультетин бүтүргөн. Ошол жылдан тарта "Ата Мекен" социалисттик партиясынын төрагасы. Жогорку Кеңештин беш чакырылышынын депутаты болгон.
Буга чейин Германияда Кыргызстандын элчиси болуп Эрлан Абдылдаев эмгектенген. Бул кызматты ал 2020-жылдын июль айынан берип аркалап келе жаткан.
Белгилей кетсек, азырынча маалыматты президенттин администрациясы ырастай элек. Жаңы Конституция боюнча өлкө башчы элчилерди Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин макулдугусуз эле дайындай алат.
Кыргызстандын Тажикстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Жаныш Рустенбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.02.2022
Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Жаныш Рустенбеков кызматынан бошотулду
Жаңылыктар түрмөгү
0