Милиция 80 жаштагы Насиркан Кудайбергеновду издеп жатат. Сүрөт

© Фото / пресс-служба ГУВД Чуйской областиЧүйдө дайынсыз жоголгон Насиркан Кудайбергенов изделип жатат
Чүйдө дайынсыз жоголгон Насиркан Кудайбергенов изделип жатат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.02.2022
Жазылуу
Шалта айылынын тургуну үйүнөн 2-февралда чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес.
БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Чүйдө дайынсыз жоголгон Насиркан Кудайбергенов изделип жатат. Бул тууралуу Чүй облустук ИИББ билдирди.
Сокулук районуна караштуу Шалта айылынын 80 жаштагы тургуну 2-февраль күнү үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес.
Өзгөчө белгилери: бою 175-180 сантиметр, көзү кара, чачы кыска, ак баскан. Үстүнө кара жеңи жок күрмө, спорттук шым, тумак, бутуна кара көлөч кийип жүргөн.
Бул жаранды көргөн-билгендер болсо (0312) 43 01 27, (0312) 43 88 85, (0312) 60 75 67, (0558) 86 14 86, (0709) 35 35 29 номерлерине чалууга болот.
Кишенчен адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.02.2022
Ысык-Көлдө мектеп курулушунан 3 млн. сом "жешкен". Шектүүлөр кармалды
Жаңылыктар түрмөгү
0