Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Жекшенов: жатын моюнчасынын рагына жыныстык жашоого эрте аралашуу да себеп

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун онкология жана нур менен дарылоо кафедрасынын окутуучусу, Онкология жана гематология борборунун илимий кызматкери Марат Жекшенов
Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун онкология жана нур менен дарылоо кафедрасынын окутуучусу, Онкология жана гематология борборунун илимий кызматкери Марат Жекшенов  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.02.2022
Жазылуу
Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун онкология жана нур менен дарылоо кафедрасынын окутуучусу, Онкология жана гематология борборунун илимий кызматкери Марат Жекшенов ракты чакыруучу факторлорду санады.
Рак адамда эмне себептен пайда болору дагы деле так белгилүү боло элек. Залалдуу жана залалсыз шишиктер адамдын ар кайсы органдарында пайда болот эмеспи. Ошол ар кайсы локализациялар өз-өзүнчө изилденип, ар биринин өзгөчөлүгү (ракты пайда кылчу факторлор, белгилери, дарылоосу) бар. Менимче, рак клеткаларынын пайда болуу себеби так аныкталса, дарылоо жолдорунун да эффективдүү ыкмалары белгилүү болмок. Азыр дарыгерлер шишиктин кесепети менен гана күрөшүп келет. Бул тууралуу Марат Жекшенов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Жекшенов: жатын моюнчасынын рагына жыныстык жашоого эрте аралашуу да себеп
Анын айтымында, ашыкча салмак да ракты чакырышы ыктымал.
"Рактын пайда болушуна себепчи болгон бир нече фактор бар. Биринчи кезекте бул адамдын тамагынан көз каранды. Химиялык заттар, боёк, татымалдар (канцерогендер) көп кошулган тамактар: консерва, фаст-фуд, куурулган тамак, ошондой эле белоктун (кызыл эт, колбаса) тамак-ашта көп колдонулушу. Экинчиси организмге сырткы факторлордун таасир этиши. Мисалы, экологиянын бузулушу, ыш, радиация, тамеки да ракты чакырат. Андан тышкары, адамдын папиллома, Т-лимфотроптук вирусу, герпес вирусунун 8 түрү, гепатит В, С өңдүү вирустар дагы шишикти пайда кылат. Ал эми балдарды алсак, түйүлдүк кезинде өрчүүсү бузулган учурда рак клеткалары пайда болот. Кыргызстанда эркектер арасында биринчи орунда ашказан, өпкө, боор жана простата рагы, аялдар арасында эмчек, жатын моюнчасынын, ашказан рагы кеңири жайылган. Ал эми балдарда кан рагы жана түрдүү шишиктер көп кездешет", — деди Жекшенов.
Дарыгер эрте жыныстык катнашка барып, өнөктөшүн тез алмаштыргандар жатын моюнчасынын рагына, тескерисинче, кеч жыныстык жашоого аралашып, балалуу болуп эмизбей койгон же аборт кылган аялдар эмчек рагына чалдыгарын кошумчалады.
Эске салсак, бүгүн, 4-февраль — Онкологиялык ооруларга каршы күрөшүүнүн дүйнөлүк күнү. Эл аралык ракка каршы күрөшүү биримдиги тарабынан 2005-жылдан тартып белгиленип келет. Негизги максаты — дүйнө коомчулугун бул глобалдык көйгөйгө көңүл бурдуруу жана залалдуу шишикке кабылгандардын арасындагы өлүмдүн санын кыскартуу.
Подкасттын толук вариантын төмөнкү видеодон көрүңүз:
Жаңылыктар түрмөгү
0