Ысык-Көлдө машина көпүрөдөн кулап, бир киши каза болду

© Фото / пресс-служба МЧС КРЫсык-Көл облусунун Григорьевка айылында автоунаа көпүрөдөн түшүп кетти
Ысык-Көл облусунун Григорьевка айылында автоунаа көпүрөдөн түшүп кетти - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.02.2022
Жазылуу
Кырсык эмнеден келип чыкканы тууралуу маалымат жок. Куткаруучулар каза болгон жарандын сөөгүн милицияга өткөрүп беришкен.
БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Григорьевка айылында автоунаа көпүрөдөн түшүп кетип, бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык тууралуу таңкы саат 7:20 чамасында билдирүү түшкөн.
Окуя болгон жерге барган куткаруучулар 27 жаштагы эркек кишинин сөөгүн автоунаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Жол кырсыкка түшкөн автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.01.2022
"Бишкек" ЭЭАнын жетекчиси Кудрет Тайчабаров жол кырсыгына кабылды. Сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0