Жапаров Кытайга жеке учак жалдап кетти. Маалымат кызматы себебин айтты

© Sputnik / Руслан КривобокУчактын бизнес класстагы салону. Архив
Учактын бизнес класстагы салону. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.02.2022
Жазылуу
Өлкө башчынын маалымат катчысы Эрбол Султанбаевдин билдиргенине караганда, учак жалдоого каражат бюджеттен тышкаркы булактан алынды.
БИШКЕК, 6-фев.— Sputnik. Президент Садыр Жапаров Пекинге жеке учак жалдап учуп кетти. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
"Ту-154 үлгүсүндөгү №1 борттун эксплуатациялык мөөнөтү аяктады. Президент башында турган делегациянын коопсуздугун эске алганда, аталган учакты пайдалануу мүмкүн болбой калды", — деди Султанбаев.
Мындан тышкары, барып келүү чыгымы бюджеттен тышкары булактардан алынганын билдирди.
Эске салсак, буга чейин өлкө башчы Садыр Жапаров баштаган делегация Глазго шаарындагы саммитке жеке учак жалдап барган. Анда президенттик администрация өлкөнүн биринчи адамдарын ташыган №1 борт Евробиримдиктин жана Улуу Британиянын техникалык нормаларына дал келбегендиктен, кыргыз тарапка мындай самолет менен келүү мүмкүн эместиги маалымдалган.
Сөз болуп жаткан Ту-154 учагы 1993-жылы өндүрүштөн чыккан.
Кыргызстандын президентинин учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.11.2021
Пресс-борбор
Авиация агенттиги: президенттик учак жыл сайын көп чыгым талап кылууда
Жаңылыктар түрмөгү
0