Депутат: Баткенде мүлкү талкалангандарга алиге чейин компенсация төлөнбөптүр

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин депутаты Улугбек Ормонов. Архив
Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Ормонов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.02.2022
Жазылуу
Эл өкүлү министрлер кабинетине 1-мартка чейин төлөп берүүгө тапшырма берген.
БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Өткөн жылкы кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуудан мал-мүлкү талкаланып, тонолгон жарандарга азыркыга чейин 84 миллион сомдук компенсация төлөнбөй жатат. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Ормонов билдирди.
Ал "Ишеним" жана "Ынтымак" фракцияларынын Баткен облусунда болгон көчмө жыйынынын жыйынтыгы тууралуу маалымат берген.
"Биз өткөн жылдын апрель-май айларындагы окуялардын кесепеттерин жоюу боюнча аткарылган иштерди уктук. Үйлөрү өттөнгөн, малы уурдалган жарандардын тарткан зыяны жалпы суммасы 84 миллион сомду түзүптүр. Бул такталган маалымат. Министрлер кабинети алиге чейин ошол акчаны төлөбөй келиптир. Ал жерден өзүнчө тапшырма берип келдик. 1-мартка чейин ушул каражатты төлөп бериши керек", — деди Ормонов.
Ошондой эле депутат жергиликтүү тургундар жашоого ыңгайлуу шарттарды түзүп беришин талап кылганын кошумчалады.
Жогорку Кеңештин жыйыны. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.02.2022
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал, 2022-жылдын январы
Депутаттардын кээси Баткенге бир айлык маянасын которо турганын айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0