Эскертүү! Салык төлөөчүлөр отчетторду бирдиктүү формада тапшырышы керек

© Фото / PixabayКалькулятор, калем жана кагаздар. Иллюстративдик сүрөт
Калькулятор, калем жана кагаздар. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.02.2022
Жазылуу
Жарандын жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде салык органынын чечими менен салык отчетун берүү мөөнөтү 30 күнгө узартылышы мүмкүн.
БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Бардык салык төлөөчүлөр киреше салыгы менен камсыздандыруу төгүмдөрү тууралуу отчетторду FORM STI-161 бирдиктүү формада тапшырышы керек. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, мындай форма бардык салык төлөөчүлөргө, анын ичинде чакан, орто ишкердик субъектилер менен коммерциялык эмес уюмдарга да тиешелүү.
Салык кодексине ылайык, салык агенти ар айдын 20-күнүнөн кечиктирбестен отчетту төлөй турган жери боюнча салык органына берүүгө милдеттүү.
Салык кодексинин 102-беренесине ылайык, жарандын жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде салык органынын чечими менен отчет берүү мөөнөтү 30 күнгө узартылышы мүмкүн.
ККМди түшүндүрдү… Садыр Жапаровдун Дордой менен Ош базарды кыдырган видеосу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.02.2022
ККМди түшүндүрдү… Садыр Жапаровдун "Дордой" менен "Ош" базарды кыдырган видеосу
Кассалык чек беришин талап кылгыла! Салык кызматы жарандарга кайрылды. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.02.2022
Кассалык чек беришин талап кылгыла! Салык кызматы жарандарга кайрылды. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0