Башкы прокурор депутаттардан Мадумаровду жоопко тартууга макулдук сурады

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров
Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.02.2022
Жазылуу
Депутаттар бул маселени карап, кылмыш ишин иликтөөчү комиссия түзөт.
БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Башкы прокурор Курманкул Зулушев Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүнү парламентке сунуштады.
Учурда бул маселени Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитет карап жатат. Андан соң жалпы жыйынга алып чыгат.
Депутаттар бул маселени карап, кылмыш ишин иликтөөчү комиссия түзөт.
Эл өкүлү Адахан Мадумаров журналисттерге башкы прокурордун сунушу парламентке бүгүн эртең менен түшкөнүн билдирди.
Белгилей кетсек, Мадумаров буга чейин кыргыз-тажик чек арасында Төрт-Көчө тилкесине байланыштуу протокол тууралуу Башкы прокуратурага бир нече ирет суракка чакырылган болчу.
Президент Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.01.2022
Садыр Жапаров Мадумаров менен Нарматованын суракка чакырылышы тууралуу айтты
Аял акча санап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.02.2022
Зулушевдин эжеси финансылык пирамидага 30 миң доллар салган. Шектүү камакта
Жаңылыктар түрмөгү
0