Автомектептерде окугандарга видеокөзөмөл жүргүзүлөт. ИИМдин сунушу

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүАвтомектепте окуган кыз. Архив
Автомектепте окуган кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.02.2022
Жазылуу
Автомектептер зарыл болгон учурда теориялык жана практикалык сабактар өткөн жерлерден видео жазууларды бергенге милдеттүү.
БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Ички иштер министрлиги автомектепте окугандарга көзөмөл жүргүзүү үчүн камера орнотууну сунуштоодо.
ИИМ Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелөөдө.
Жаңы эреже боюнча автомектептердин видеокөзөмөл жүргүзгөн каражаттары, эч жери бузулбаган автоунаалары болушу керек.
Эреже бузуу боюнча кодекстин азыркы редакциясында автомектеп курсанттарды транспорт менен гана камсыздашы керектиги айтылган.
Жаңы норма боюнча автомектептер жол эрежеси боюнча билимди баалоону чагылдырган каттоо журналын жүргүзүүгө милдеттүү болот. Андагы маалыматтар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет, андан кийин айдоочулук күбөлүк берүү үчүн экзамен алышат.
Сунушталып жаткан эрежеге ылайык, автомектептер зарыл болгон учурда теориялык жана практикалык сабактар өткөн жерлерден видео жазууларды бергенге милдеттүү.
ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү башка сунуштары тууралуу өкмөттүн сайтынан таанышууга болот.
Айдоочунун күбөлүгү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.02.2022
Кайсы эрежени бузган айдоочу күбөлүгүнөн ажыратылат? ИИМдин сунушу
Жаңылыктар түрмөгү
0