Дүйнөдө 7-8и эле калган. Сейрек кездешкен кара жолборстордун сүрөтү

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүЖолборс. Архив
Жолборс. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.02.2022
Жазылуу
Жоголуп бара жаткан жырткычтарды сүрөтчү Одиша штатындагы Нанданканан улуттук паркында сейилдеп жүргөн жеринен көргөн.
БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Индияда фотограф Сатья Свагат жер жүзүнөн жоголуп баратат деген өтө сейрек кездешкен кара жолборсторду сүрөткө тартып алган. Бул тууралуу The Daily Mail басылмасы жазып, сүрөтчүнүн эмгектерин жарыялады.
Жоголуп бара жаткан жырткычтарды сүрөтчү Одиша штатындагы Нанданканан улуттук паркында сейилдеп жүргөн жеринен көргөн. Эксперттер мындай кара түстөгү жолборстордун дүйнөдө 7-8и эле калганын белгилешкен.
Фотограф алардан 10 метрдей эле алыстыкта турганын, жырткычтарды көрөрү менен денеси дүркүрөп кеткенин айткан.
"Көргөн көзүмө ишенген жокмун. Чоң мышык көз алдымда кыймылдап жатканын көрүп, бир саамга колумдагы фотоаппаратты да унутуп калыптырмын. Сейрек кездешкен жолборстун сулуулугуна арбалып калдым", — деген Свагат.
Маалым болгондой, бул сүрөттөр былтыркы жылдын ноябрь айында камерага түшүрүлгөн.
Жолборсту тилдеген карга. Канаттуу менен жырткычтын пикир алышкан видеосу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.01.2022
Жолборсту "тилдеген" карга. Канаттуу менен жырткычтын "пикир алышкан" видеосу
Жаңылыктар түрмөгү
0