Колго тирүү түшпөйүн деп маки менен тап бердим... Афганчылардын унутулгус эрдиги

© Фото / из личного архива Кубатбека Доолокеева40-армиянын кыргызстандык жоокерлери. Түштүк Афганистан, Кунар аймагы. 1981-жыл
40-армиянын кыргызстандык жоокерлери. Түштүк Афганистан, Кунар аймагы. 1981-жыл - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.02.2022
Жазылуу
Бүгүн мурдагы советтик республикаларда чет өлкөлөрдө интернационалдык милдетин аткарган жоокердин күнү белгиленет. Бирок бул дата көбүнесе афган согушунун ардагерлеринин майрамы менен байланыштырылат.
Тарыхка кайрылсак, советтик офицерлер 1930-жылдары Кытай менен Испаниядагы жарандык согушка катышкан. Андан кийин 1940-жылдардын аягынан тарта Азия, Африка жана Латын Америкадагы кандуу кагылышууларга катыша баштаган. Ал эми 1979-1989-жылдары Афганистанда СССРдин 600 миңден ашык офицери, прапорщик жана жоокери кан төккөн. Мындан сырткары, ушул кандуу тирешүүгө Советтер Союзу 21 миң адисин жиберген.
Афганистандагы жарандык согушка он миңден ашуун кыргызстандык аскер катышкан эле. Жоокерлердин эрдигин унуткарбоо максатында колумнист Алмаз Батилов кезектеги материалын сунуштап турган чагы. Окуяларды ардагерлер өздөрү айтып берген.
Анатолий Мятин, Чыгыш округундагы ыкчам тайпанын жетекчиси, подполковник
© Фото / из личного архива семьи СуеркуловыхСССРдин чек ара кызматынын чалгындоо бөлүмүнүн офицери Эркин Суеркулов (оң жакта). Тажик ССРинин Тоолуу Бадахшан автоном облусу, Мургаб чек ара отряды
Офицер пограничной разведки Эркин Суеркулов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.02.2022
СССРдин чек ара кызматынын чалгындоо бөлүмүнүн офицери Эркин Суеркулов (оң жакта). Тажик ССРинин Тоолуу Бадахшан автоном облусу, Мургаб чек ара отряды

Жолборс жүрөк чалгынчы

— 1981-1985-жылдары менин бөлүгүм Бадахшан аймагындагы афган-пакистан чек арасын кайтарчу. Ал эми биздин бөлүктүн чалгын бөлүмүнүн жетекчиси жердешибиз, маркум подполковник Эркин Суеркулов болчу. Ал Кыргыз ССРинин Министрлер советинин төрагасы Абды Суеркуловдун уулу эле. Буга чейин Эркин Мургаб чек ара отрядынын чалгын бөлүмүн жетектеген. Ошондуктан Бадахшандагы абалды жакшы билчү. Бул аймактын ар бир айылында тыңчылары бар болчу. Эркин нагыз чалгынчы эле. Ал дайыма командачылыкты чөлкөмдөгү жана Пакистанда жайгашкан афгандык козголоңчулар тууралуу абдан так маалымат менен камсыздачу. Ошол убакта расмий Исламабад өз аймагында моджахеддер үчүн атайын лагерлерди уюштуруп берген. Адистер буларга диверсиялык ыкмаларды пайдаланып согушканды үйрөтчү. Бүгүнкү күндө бул маалымат жашыруун сыр эмес. Биздин эң башкы милдет ашууну жаап, аларды Афганистанга киргизбөө болчу. Мындан сырткары, курал-жарак ташыган кербендерди кармачубуз.
1983-жылдын ноябрь айынын аягында бизге Пакистандан 620 согушкер Бархат ашуусунан өтүп, Афганистанга кирүүгө даярданып жатат деген маалымат берилди. Бул маалыматты Суеркулов таап келген. 26-ноябрда Эркиндин маалыматына таянып, биз 220 чек арачы менен жогорудагы ашуудан буктурма уюштурдук. Он күндүн ичинде 250 моджахедди жок кылып, 200 согушкерди туткундадык. Калгандары Пакистанга качып кутулушту. Бул ыраматылык Суеркуловдун Афганистандагы кандуу тирешүүдөгү көрсөткөн баатырдыгынын бир эле окуясы. Эркин жолборс жүрөк чалгынчы эле. Ал Кыргызстандын Бажы кызматынын пайдубалын түптөөгө чоң салым кошкон.
Омор Бектенбаев (1965-2020), 12-мото аткычтар полкунун ага сержанты
© Фото / из личного архива семьи Бектенбаевых12-мото аткычтар полкунун ага сержанты Омор Бектенбаев. Фрунзе шаары, 1985-жыл
Старший сержант 12-мотострелкового полка Омор Бектенбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.02.2022
12-мото аткычтар полкунун ага сержанты Омор Бектенбаев. Фрунзе шаары, 1985-жыл

Арман

— 1985-жылы жайда командачылык биздин полкко Герат шаарынын эски бөлүгүнө кирүүгө буйрук берди. Герат эски жана жаңы деп экиге бөлүнөт. Советтик аскерлердин максаты — эски Гераттан белгилүү талаа командири, таасири күчтүү Исмаил-ханды сүрүп чыгаруу эле. Алдыбызда 11 танк кирген. Моджахеддер бул танктарды талкалап, танкачылардын дээрлик баарын атып өлтүрүштү. Алардан аркасынан кирген эки ротанын таш-талканын чыгарды. Андан соң биз, чалгынчылар, он кишиден эки топко бөлүнүп чабуулга өттүк. Шаарга кирип жаткан учурда танк алдында жаткан полктошторубузду көрдүк. Механик-айдоочуларынын көпчүлүгү теги казак жигиттер эле. Согушкерлерди сүрүп, калаанын ичине 3,5 чакырымга кирдик, эки сутка бою салгылаштык. Дарыгерлер учурдан пайдаланып, БМП-2 аскердик автоунааларга жарадар болгондор менен каза тапкандардын сөөгүн жүктөштү. Үчүнчү күнү БМПга түшүп артка чегинип, Эски Гераттын четиндеги арыктын боюна токтодук. Курал-жарактарды БМПнын үстүнө койгонбуз. Анткени абал бир аз тынчый түшкөн болчу. Белге чейин чечинип жуунуп, тамак иче баштадык. БМПда айдоочу калган. Ошол учурда коңшу имараттан он чакты моджахед автоматтан аткылашты. БМПнын капталында отурган улуту украин досум Михаил Серватконун башына ок тийип, кулап түштү. Аны арыкка сүйрөдүм. Себеби БМП бурулганда тебелеп кетмек же Серваткого дагы ок тиймек. Айдоочу коркконунан БМПны буруп качты, калгандары секирип түшүүгө үлгүрүштү. Мен Михаилди таштап кетүүгө дитим барбады. Аны далыма салып, кур менен колдорун байлап сүйрөп парк аркылуу качтым. Белиме чейин жылаңачмын, колумда куралдан болгону маки. Ошентип бир чакырымга чейин бардым. Суунун жээгине келип, дем алып отурсам "УАЗ" жеңил автоунаасы менен афган армиясынын аскерлери келип калды. Аларды афган тилинде сарбоз деп аташат. Арасында козголоңчуларга боор тарткандар көп дегенди укканбыз. Сарбоздор мага жакындаганда туткунга тирүү түшпөйүн деп маки менен тап бердим. Афгандык жоокерлер күлүп жиберишти. Бирөөсү орусча чала-була сүйлөйт экен. "Коркпо, шурави, биз сага жардам беребиз" деди. Автоунаага Серваткону салышты. Качан Гераттын аэропортуна жакындаганда эс ала түштүм. Сарбоздор менин жеңилдей түшкөнүмдү көрүп, күлүп, далыдан тапташты. Михаилди дароо госпиталга алып кетишти. Ошондон кийин досум Серваткону көргөн жокмун. Аны көрбөй калганым өмүр бою көкүрөгүмдө арман болуп келет...
Нурдин Исмаилов, авиация менен тик учактардан куралган полктун лейтенанты
© Фото / из личного архива Сайфутдина АзизоваНурдин Исмаилов (сол жактан алдыңкы катарда биринчи) жазуучу Чыңгыз Айтматов менен жолугуушуда. 1995-жыл. Бонн шаары, Германия
Ветеран афганской войны Нурдин Исмаилов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.02.2022
Нурдин Исмаилов (сол жактан алдыңкы катарда биринчи) жазуучу Чыңгыз Айтматов менен жолугуушуда. 1995-жыл. Бонн шаары, Германия

Чогуу өлөбүз...

— 1986-жылы октябрда мен Сызран шаарындагы жогорку авиациялык училищенин тик учагынын пилоту боюнча адистикти бүтүргөм. Ошондо эле командачылык бизди Афганистандагы согушка даярдады. Адегенде Забайкалье округунда кызмат өтөдүм. 1987-жылы августта жетекчилик Түштүк Афганистандагы Кандагар калаасына жиберди. Мен МИ-6 тик учагынын пилоту болчумун. Муну менен жоокерлер, курал-жарак жана тамак-аш ташылчу. Аскерлерди ташыган учурда парашют тагынчу эмеспиз, берилчү эмес. Инструкция боюнча пилоттор парашютту сөзсүз тагыныш керек деген жобо бар. Бирок учкучтардын арасында жазылбаган мыйзам бар. Пилоттор парашютту тагынбай жоокерлерге үлгү көрсөтүшкөн. Эгерде моджахеддер тик учакты атып түшүрсө, чогуу өлөбүз деген белги эле.
Николай Юрченко, экинчи мусулман батальонун сержанты
Николай Юрченко куралдашы Сергей Якиманский менен. Жети-Өгүз району, Тосор айылы, “Руха” пансионаты. 2016-жыл
Ветеран афганской войны Николай Юрченко - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.02.2022
Николай Юрченко куралдашы Сергей Якиманский менен. Жети-Өгүз району, Тосор айылы, “Руха” пансионаты. 2016-жыл

Замбиректен атылган "люстра"

— 1982-жылдын июнунан баштап Панжшер капчыгайында атактуу афган талаа командири Ахмад Шах Масуддун согушкерлерине каршы салгылаша баштадык. Мен 6-авторотада кызмат өтөдүм. Күн сайын батальондун штабы жайгашкан Руха кыштагынан тоодогу кароолго тамак-аш, ок-дары жана суу ташычубуз. Биринчи ирет кырктай аскер жүк артынып, жолго чыктык. Адегенде минёрлор жолду тазалады. Бири-бирибизди ээрчип жалгыз аяк жол менен өрдөп барып жүктү жеткирдик. Тоонун чокусундагы эң акыркы кароолго алты саатта жеттик. Кыязы, өйдө карай 15 чакырым бастык окшойт. Эсибиз ооп калды, бир аз тыныгып ылдый карай жөнөдүк. Жолдон туман башталып, эч нерсе көрүнбөй калды. Рация менен отряддагы замбирекчилер байланышып, "люстра" орноткула деп өтүндүк. Люстра деп парашютка илинген снарядды айтчубуз. Бул снарядды замбиректен атканда, бир нече мүнөт жарык берип жерге түшчү. Замбирекчилерге координаттарды айттык. Алар улам замбиректен аткылап бизге жол көрсөтүп жатышты. Ушул снаряддын жардамы менен отрядга кайрадан алты саатта зорго жеттик.
Курманбек Сапаев, 177-мото аткычтар полкунун капитаны
© Фото / из личного архива Курманбека Сапаева177-мото аткычтар полкунун капитаны Курманбек Сапаев полктошу менен. Түндүк Афганистан, Панжшер капчыгайы
Капитан 177-мотострелкового полка Курманбек Сапаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.02.2022
177-мото аткычтар полкунун капитаны Курманбек Сапаев полктошу менен. Түндүк Афганистан, Панжшер капчыгайы

Моджахед менен тиктешүү

— 1986-1988-жылдары Түндүк Афганистанда согуштум. Панжшер капчыгайынын кире беришиндеги Гульбахор шаарчасынын жанында кичинекей айыл бар. Аталышы эсимде жок. Бул кыштак жолдун боюнда эле. 1987-жылы биздин колонна аскердик техниканын коштоосу менен ушул кыштактын жанынан өтүп бара жатканбыз. Капысынан 15 метр алыстыкта 20дай моджахед жолдон өтүп бара жатканын көрдүк. Бир козголоңчу дароо гранатомётту ийинине коюп бизди карай мээледи. Аргасыздан токтоп калдык. Командачылык "моджахеддерге ок чыгарбагыла. Эгерде ок чыгарсак, бул козголоңчу гранатомёттон бизди атат, анда чоң жоготууга учурайбыз. Анын үстүнө булар тоодон кол салышы мүмкүн. Ошон үчүн аларга жолдон өтүүгө жолтоо болбогула" деп рациядан буюрду. Буйрукка баш ийдик. Беш мүнөттөй тиктешип турдук. Козголоңчулар жолдон өтүп бүткөндө гана жогорудагы моджахед гранатомётту ийининен түшүрүп, жолдошторунун аркасынан шашпай жөнөдү. Биз жолубузду уланттык. Эң кызыгы — согушкерлер аркабыздан да ок чыгарган жок.
Майрамбек Ташкеев, Керки чек ара отрядынын 5-мотоманёврдук тайпанын ага сержанты
© Фото / из личного архива Майрамбек ТашкееваМайрамбек Ташкеев (оң жактан биринчи) полктоштору менен. 1987-жыл. Алматы облусу, Уйгур району, Чунжа чек ара отряды
Участник афганской войны Майрамбек Ташкеев (первый справа) - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.02.2022
Майрамбек Ташкеев (оң жактан биринчи) полктоштору менен. 1987-жыл. Алматы облусу, Уйгур району, Чунжа чек ара отряды

20 жылдан кийин капысынан жолугушуу

— 1988-жылы июлда полктошум Эрмек Дүйшеев экөөбүз Чунжа чек ара отрядынан Фарьяб аймагынын (Түндүк Афганистан) Файзабад кыштагындагы заставага которулдук. Экөөбүздүн достугубуз ошондон башталды. Ал Жети-Өгүз районундагы Саруу айылынын кулуну эле. Кан майданда бири-бирибизге жөлөк болдук. Өзгөчө түн ичинде аскердик мөөнөтүбүз бүтүп, Кыргызстанга кайтканда эмне кыларыбызды пландап кыялданчубуз. 1989-жылы 15-февралда үч мотоманёрвдук тайпа биригип, 1000 аскер афган-совет чек арасынан өтүп, Түркмөнстандын Керки шаарына чыктык. Ата Мекенге аман-эсен жеттик деп кубанычыбыз койнубузга батпайт. Ал жерден жергиликтүү эл бизди өзүнүн балдарын көргөндөй сүйүнүп тосуп, аябай коноктоду. Андан кийин кайрадан Эрмек экөөбүз Чунжа чек ара отрядына кеттик. Апрелде аны менен чогуу армиядан Кыргызстанга кайттык. Турмуштун түйшүгү башталып, көрүшпөй калдык. 1991-жылы Советтер Союзу ыдырагандан кийин Дүйшеев Россияга иштегени кеткенин угуп, байланышыбыз биротоло үзүлүп калды. 2009-жылы январда Эрмек менен Бишкектен Чыңгыз Айтматов проспектиси жана Айни көчөсүнүн кесилишиндеги аялдамадан кокусунан кезигип калдык. Ал мени дароо тааныптыр. Мен тааныбай калыптырмын. Ошол эле жылы 15-февралда куралдаштарым генерал Замир Сабаев, Жаныбек Кожошев менен чогуу улуттук филармонияда афганчылардын күнүнө карата арналган аземге бардык. Ал жерден жумгалдык Улан Нышанов жана түптүк Владимир Волокитин деген полктошторум менен жолуктук. Алар менен да 20 жыл көрүшө элек болчубуз. Арман дүйнө, төрт айдан кийин досум Эрмек автокырсыктан каза болуп калды...
Буга чейин Алмаз Батилов Афганистандагы жарандык согуш эмнеден улам келип чыкканы жана кесепети кандай болгону тууралуу да материал даярдаган.
01-	Капитан Жумалы Кубатов Афганистандан эмгек өргүүгө келген учурда жубайы Марипа Иманбекова менен түшкөн сүрөтү. Фрунзе. 1981-жыл. 10-февраль - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Моджахеддер башын үч автоунаага баалаган чалгынчы Кубатов. Кызыктуу маек
Экинчи мусулман батальонунун жоокерлери Фарьяб аймагында. Түндүк Афганистан, 1981-жыл - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.10.2021
"14-кылымдан, аркы дүйнөдөн кайттык..." Панжшерде кан кечкен экинчи мусулман батальону
Жаңылыктар түрмөгү
0