"Кыргыз көмүр" ишканасы Кара-Кечеге жумушчу издеп жатат. Вакансиялар

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын кызматкери. Архив
Кыргыз көмүр мамлекеттик ишканасынын кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.02.2022
Жазылуу
Филиал Нарындын Жумгал районунда жайгашкан. Тиешелүү документтерди 18-февраль кечке чейин жөнөтүү керек.
БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын Кара-Кечедеги филиалы бош орундарга ачык конкурс жарыялады.
Тиешелүү документтерди 18-февраль кечке чейин жөнөтүү керек.
Кызматтар жана керек болуп жаткан жумушчулардын саны:
экономист — 1;
гидравликалык экскаватордун айдоочусу — 7;
25 тонна жүк жүктөөчү автосамосвалдын айдоочусу — 3;
35 тонна жүк жүктөөчү карьерде иштеген автосамосвалдын айдоочусу — 6;
жүк жүктөгүч айдоочусу — 4;
автоэлектрик — 1;
тоо жумушчусу — 2;
медицина кызматкери — 1;
ашпозчу — 1;
карьердик каз тамандуу экскаватор (ЭКГ) айдоочусунун жардамчысы — 2;
бургулоочу шаймандын айдоочусунун жардамчысы — 1.
Ишке керектүү документтер:
конкурстук комиссиянын төрагасынын атына жазылган арыз;
толтурулган кадрларды эсепке алуу баракчасы;
өмүр баян (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
резюме;
сүрөт 3х4;
паспорттун көчүрмөсү;
квалификациялык талаптарга ылайык кесиптик билимин тастыктаган документтер (нотариалдык же иштеген жери боюнча кадрларды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлгөн);
күбөлөндүрүлгөн (нотариалдык же иштеген жери боюнча кадрларды башкаруу кызматы тарабынан) эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
өлкө аймагында соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалым кат.
Кошумча маалыматты Кара-Кече филиалынын кадрлар боюнча инспектору Жамал Нуралы кызынан 0702 44 50 32 номери аркылуу алууга болот.
Ал эми жумушчуларга коюлган талаптар менен "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасы тараткан билдирүүдөн таанышууга болот.
Ишкананын Кара-Кече филиалы Нарындын Жумгал районунун Байзак айылында жайгашкан.
Сваркалаган киши. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.02.2022
Бишкекте жумушсуз жүргөндөргө акысыз курстар бар. Дареги, номерлери
Жаңылыктар түрмөгү
0