Президент Бишкек — Кара-Балта жолун жылдын аягына чейин бүткөрүүнү тапшырды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевБишкек — Кара-Балта жолун куруу иштери. Архив
Бишкек — Кара-Балта жолун куруу иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.02.2022
Жазылуу
Бишкек — Кара-Балта жолун реконструкциялоо 2017-жылы башталган. Бийлик оңдоо иштерин аягына чыгаруу пандемия менен техникалык себептерден улам жылып жатканын буга чейин бир нече жол белгилеген.
БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Бишкек ― Кара-Балта автоунаа жолун оңдоо иштерин ушул жылдын аягына чейин бүтүрүүнү тапшырды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Бүгүн Жапаров Чүй облусуна иш сапары менен барып, аталган унаа жолдун курулушу менен да таанышкан.
Транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоевдин айтымында, Бишкек — Кара-Балта трассасынын жалпы узундугу 52,5 чакырымды түзөт. Учурда анын 7,4 чакырымы реконструкцияланууда.
Калктуу конуштардагы оңдолгон жолдун негизги унаа жүрүүчү бөлүгү алты тилкелүү болуп, туурасы 3,5 метрди түзөт.
Белгилей кетсек, Бишкек — Кара-Балта жолун реконструкциялоо иштери 2017-жылы башталган. Акыркы жолу өкмөт жолдун бир бөлүгүн оңдоо иштерин аяктоо 2022-жылдын октябрь айына пландалып жатканын кабарлаган.
Автотрассадагы жол иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.02.2022
Бишкектин түндүк айланма жолунун схемасы жарыяланды
Жаңылыктар түрмөгү
0